Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Кендирбаеванын алсыздыгынан мугалимдер кордолууда

Министр Кендирбаеванын алсыздыгынан мугалимдер кордолууда

09-ноябрь, 22:09
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соцтармакта хиджабчап аял класска кирип келип, оозунан “чирик сөзү” агылып, мугалимди тилдеп, ыйлатып аткан видео тарады. Коомчулукта талкуу жаралып, динге малынган “эки аяктууга” карата жек көрүүлөр козуду. Мугалимди кордоо, сыйлабастык өкүнүчтүү. Мындай шартта ИИМ мыйзамга жараша жазалоосу зарыл. Бул көрүнүш башкаларга да сабак болушу кажет. 

Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын алсыздыгы, мугалимдерге моралдык жактан колдоо, ишеним көрсөтө албаганынан ушундай ыплас окуялар кайталанып келет. Кыргызстандын баардык аймактарында, шаарларында радикал динчилдер кыздарын оронтуп-чулгантып, мектеп формасын кизгизбей, мамлекеттик эрежелерге акаарат келтиришүүдө. Тартип, ырааттуулук жок. Дайыма нарксыз ата-энелер тарабынан мугалимдер моралдык-психологиялык соккуларга кабылышып, убайым тартышууда. Эгерде ушул көйгөйгө каршы Кендирбаева катуу турганда, тийешелүү чечимдерди ала билгенде, албетте, жолго салынат эле. Тилекке каршы, министрдин кайдыгерлиги да жанга батууда.

Кыскасы, агартуучуларга карата азаптарды кан буугандай токтотуп, ИИМ, УКМК ашынган динчилдерди тыйышы керек. Биз светтик өлкөбүз! Ириде “сакалчан-оронгондордун” түшүнүгү эмес, мамлекеттин гана мыйзамдары үстөмдүк кылышы абзел.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер