Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сагынбек Орунбаев: “Эгемендүү өлкө болгону бир дагы ГЭС курулган эмес»

Сагынбек Орунбаев: “Эгемендүү өлкө болгону бир дагы ГЭС курулган эмес»

28-ноябрь, 22:05
1 288 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти, эксперт, эколог менен маек.

-- ЮНЕСКО Кыргызстандын тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча сунушун колдоп, резолюция кабыл алганы белгилүү болду...

-- Мөңгүлөрдүн абалы боюнча буга чейин өнүккөн мамлекеттеги дүйнөлүк масштабдагы илимий борборлор гана изилдөө жүргүзүп келишкен. Бирок ушул жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында президент видео кайрылуу жасап, Кыргызстандын оюн билдирген. Учурунда видео кайрылуу анчейин кызыгуу жаратпаганы менен президенттин мөңгөлөрдү сактап калууга кошкон чоң салымы чоң болду деп эсептесек болот. Себеби бул нерсе мындай деңгээлде көтөрүлгөн эмес болчу. Видео кайрылуудан кийин ООНдун комиссиясы буга көңүл буруп, ушул тармакта өзүнчө бир фонд, багыт ачууга макул болду. Кайрылуу тоолуу өлкөлөрдүн жаратылышын, мөңгүлөрүн сактап калуу максатында жасалган. Менимче, жакын арада чынында эле мөңгүлөрдү сактоо, аларга анализ жасоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү иштери жигердүү иштеп баштайт. Эгер ушул нуктагы фонд ачылып калса, демилгечи катары Кыргызстанда бул максаттар ишке ашат го деген пикирдемин. 

-- Кайрылууда мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча фонд түзүүдөн тышкары дагы кайсы маселеге көңүл бурулган? 

-- Анда 2050-жылга чейин Кыргызстандын аймагында көмүр кычкыл газын азайтуу жана жашыл энергияга өтүү планы айтылган. Программада 2030-жылга чейин гидроэлектростанциялардын санын көбөйтүү мерчемделген. Гидроэлектростанцияларда тоолордогу кардын чогулган суусун алып калсак болот. Биздин суубуз жөн эле агып кетип жатат. Гидроэлектростанция куруу – ошол сууларды өзүбүзгө алып калуу дегенди билдирет. Албетте, энергетикалык коопсуздук башкы маселе катары каралат. Себеби ал зыяндуулугу жок, жашыл энергияны бөлүп чыгарат. Эгемендүү өлкө болгону бир дагы ГЭС курулган эмес. Камбар-Ата–II  союз учурунда пландаштырылып, араң дегенде 2009-жылы курулган. Тоолуу, гидроресурска бай мамлекет болуп туруп, бир дагы платина курбаганыбыз аянычтуу. Элдин бардыгы саясат менен алек болуп, бизге берилген жаратылышты элес албай, аны туура пайдаланганды билбей калдык. Ошондуктан президенттин демилгесин колдойм, 2030-жылга чейин гидроэлектростанциялардын санын көбөйтүү деген программаны койду. Бул өнүккөн мамлекеттердин инвестиция салуусуна жол ачат. Дагы бир мисал келтирсем, Түштүк Азия чөлкөмүндө Лаос деген өлкө бар, калкынын саны 7 миллион. Мындан 15-20 жыл мурда алардын экономикасы бидикине окшоп кыйын абалда болчу. Бирок акыркы 15 жылда табигый байлыктарын туура колдонуу менен өнүгүүгө бет алган. Алар ошол 15 жыл ичинде 29 гидроэлектростанция куруптур. Кыргызстан 10 жылда 10 станция курсак деле чоң секирик жасаган болмокпуз. Биз 30 жылда дагы бирди кура албай жатабыз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер