Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоро Думанаев: “Көчө” тасмасына тартылгандардын токсон пайызы кайтыш болуп кетишти...”

Чоро Думанаев: “Көчө” тасмасына тартылгандардын токсон пайызы кайтыш болуп кетишти...”

18-октябрь, 09:00
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чоро байке, “Көчө” тасмасына кантип тартылып калдыңыз?

-- Ал кезде Төлөмүш Океев “Уркуяны” тартып, биз Баткенде жүргөнбүз. Уркуянын Бердалы аттуу катчысы бар, ошонун ролун аткарып аткам. Ошол жерден эле проба жасашып, Аваздын ролуна тандап алышты. “Көчөдө” жалаң залкарлар тартылган: Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева... Залкарлардын букети чогулган да. Алар менен иштеген мен үчүн өзүнчө эле сабак болду.

-- Ноокатта тартылды беле?

-- Нокатта, анан Токтогулда. Токтогулда Көтөрмө деген айыл бар экен. Ал эми базар болсо Оштун базары. Ноокаттын Чечме-Сай деген жеринде пионер лагерь бар экен. Ошол жерде жатып жүрдүк. Кечинде танцы кылышат. Группада кыздар көп болчу. Экинчи режиссерлор түнү менен кайтарат, “бир балээ болуп кетпесин” деп. Жооп беришет да.

-- Кино тартуу учурунда каармандардын ортосундагы сүйүү турмуштук махабатка айланып кетчү эле, сизде андай болгон жокпу?

-- Менде болгон жок. Бирок, операторубуз менен Маликанын ролун аткарган кыз сүйүшүп, үйлөнүшкөн.

-- “Көчө” комедиялуу тасма да. Тартылуу учурунда да күлкүлүү учурлар көп эле болгондур?

-- Кызык толтура. Мен бирин эле айтып берейин. Жанагы короздорду уруштурушат го, “дакан короз” деп коёт экен, администратор ошондойдон экөөнү алып келди. Коё беребиз, жок, урушпайт. Экөө эки жакка кетип калат. Директор, ассистент келип туруп, жакын алпарып чокутуп, анан өздөрү качып кетет. Баары бир жок. Анан бир “акылман” айтып калды, “арак бериш керек” деп. Анан арак бердик. Оозун ачып эле куюп атышат. Биртикеден кийин экөө тең темтеңдеп барып эле кулап калышты. Ошол бойдон кайра турушкан жок. Өлүп калыптыр байкуштар. Көп берип салышса керек. Аңгыча ноокаттык бирөө “ай балдар, уруша турган, атайын таптаган короздор болот. Ошолордон алып келгиле” деди. Анан издеп таап, алып келишти. Чын эле атайын короздор бар экен да. Бөдөнөлөр да болот экен урушкан.

-- Гонорарды жакшы төлөп беришкендир?

-- Анда кинону айлап тартчу да. “Көчөнү” жарым жылдай тарттык окшойт. Кыш келип калып, консервация болду. Тасманын башында өрүкзар гүлдөйт да, ошону күттүк. Айлык кылып 120 сом берчү. Анан жүрдүк ошону менен... Муратбек, Советбек байкелер көбүрөөк алышкан. Алардын өздөрүнүн ставкалары бар болчу.

-- “Аппагымды” ким ырдаган?

-- Эрмек Мойдунов. 

-- Геннадий Базаров менен иштешкен жеңил болдубу?

-- Ооба. Ал өзү сүрөтчү экен, бирдекелерди жазчу. Анан Мурза Гапаров экөө жөнөкөй турмуштук сюжеттен түштүктүн керемет юмору менен шедевр жаратып салышпадыбы. Эл азыркыга чейин көрөт экен. Өзүм да кечээ жакында эле көрдүм. “А-ай” деп ичиңен кейип калат экенсиң. Тартылгандардын токсон пайызы кайтыш болуп кетиптир да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер