Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медер Бишкек, тайцзи чебери: “Көп отура берүү, кыймылсыздык – ар кандай ооруларга кабылтат”

Медер Бишкек, тайцзи чебери: “Көп отура берүү, кыймылсыздык – ар кандай ооруларга кабылтат”

24-июль, 23:25
1 255 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда алтымыш жаштан ашкан апаларыбыз (артроз) тизе ооруларына кабылып, кайрылбаган дарыгери калбай азап тарткандары көп. Тайцзиден дабаа тапкандары барбы? Кандай кеңештериңиз бар?

-- Окумуштуулардын изилдөөлөрүндө, 30 жашка чейин табигат адам баласынын организмине көмөктөшсө, 30 жаштан кийин табигат организмге каршы жүрөт экен. Мисалы, жаш организм бат калыбына келип, эгерде оорулуу адам болсо, бат айыгууга мүмкүнчүлүк алат. Клеткалардын жаңырышы да бат жүрүп, иммунитет да күчтүү болот. Жаш өткөн сайын организм мурагыдай болбой, кам көрүүгө көбүрөөк муктаж болот. Ошондуктан, физикалык денени бекемдеп, психиканы да позитивдүү нукта алып жүрүү маанилүү. 

Артроз же остеоартроз оорулары муундун түзүлүшүн бузуп, сөөккө жабышып турган кемирчекти талкалайт. Бул оору негизинен карыган адамдарда, кыймылсыздыкка кабылып, муундарына, мындайча айтканда, тизе муундарына суук тийип, туздар уюп, синовиалдуу суюктук азайган адамдарда көп кездешет. Азыркы замандын адамдарында кыймылсыздык жугуштуу оорудай жайылды. Гиппократ “көп отуруу – ден соолукка өтө зыян” деп 2500 жыл мурда айткан. Ал убакта бүгүнкүдөй креслолор, дивандар, телевизорлор, компьютерлер, мобилдик телефондор, автомобилдер жок болчу. Ошого карабай Гиппократ: “Көп отура берүү – кыймылсыздык ар кандай ооруларга кабылтат деп эскертчү экен. 

Кытай элинин цигун терапия, тайцзи дем алуу кыймыл көнүгүүлөрү артроз, артрит, полиартрит, ревматоиддик артрит, омуртка грыжасы жана периартрит ооруларына каршы эң эле мыкты дары жана профилактика болуп эсептелет. Мен дагы миңдеген оорулуу адамдарга дарылоо-профилактика жүргүзүп, цигун, тайцзи менен параллелдүү түрдө император-каган массажын сунуштайт элем. Анткени, биздин дарыгерчиликте (окуучуларым менен) артроз, полиартрит, сакроилеит, ревматоиддик артрит оорулардан он миңдеген бейтаптар айыгып, кадимки чың ден соолуктуу жашоо образы менен өмүр сүрүп келатышканына эсеп жок.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер