Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динара АЛЯЕВА, “Помогать легко” кайрымдуулук фондунун директору: “Өкмөт дагы, министрлик дагы онкологиялык оорусу бар балдарга камкордук көргөн жок”

Динара АЛЯЕВА, “Помогать легко” кайрымдуулук фондунун директору: “Өкмөт дагы, министрлик дагы онкологиялык оорусу бар балдарга камкордук көргөн жок”

17-ноябрь, 16:34
904 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Динара айым, балдар онкологиясындагы 35 млн. сомдук дары жетишсиздиги тууралуу айтып чыктың. Бийликтен камкордук көрүлүп жатабы?

-- Дары-дармек көйгөйү ар убак болуп келген. Учурда да курч маселелердин бири. Бирок, тилекке каршы, өкмөт дагы, министрлик дагы эсеп-кысап менен оорулуу балдарга камкордук көргөн жери жок. Мисалы, балдардын онкологиялык ооруларына болгон дары жетишсиздиги депутаттардын капарларына да келбейт. Онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга 35 млн. сомдой каражатка дары жетишсиздиги бар. Ал эми 2019-жылдын 9 айында ЖК депутаттарынын маянасы үчүн 355 млн. 692,3 миң сом бөлүнгөн. Кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн 90 млн. 105,2 миң сом, төраганын резервдик фонду үчүн 2 млн. 448 миң сом бөлүнгөн. А оорулуу балдарыбызга дары жетпей саргайып отурушат.

Онкология, гематологиядагы ооруларды так аныктап, диагнозун коюп, канча каражат кетерин так аныкташ үчүн кандагы метотрексаттар боюнча анализатор керек. Ал аппараттын баасы 350 миң доллар турат. Бул аппарат бизде жок. Демек, саламаттык сактоо министрлиги эл аралык клиникалык протоколго туура келбеген, көзөмөлдөнбөгөн, туура эмес дарылоолорду жүргүзүп келет. Ар бир оорунун өзүнүн клиникалык протоколу туура болушу шарт. А бизде болсо ушундай өтө өкүнүчтүү жагдай түзүлүп, чырактай бөбөктөр дары жетишсиздигинин запкысын тартып келүүдө. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер