Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаровдун аброюн Путин эң сонун түшүнүп турат”

Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаровдун аброюн Путин эң сонун түшүнүп турат”

02-ноябрь, 09:24
2 310 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Каныбек агай, Россиянын президенти Владимир Путин “Кыргызстандагы абал оор” деп белгиледи. Россия менен мамилебиз солгундап кеткени дагы айтылууда. Мындан аркы мамиле тууралуу кандай божомолуңуз бар?

-- Россия менен кызматташтык мамилебиз жакшы болот. Мен буга толук ишенем. Жакында тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Москвага болгон иш сапарында бул ишеним дагы бир жолу далилденди. Президент Владимир Путин бизде болуп жаткан саясый кырдаалга өз баасын берди. Оор деп атады. Бул анын ой-пикири. Биз жөнүндө анын көз карашы ар дайым эле өзүнүн Россиясынын кызыкчылыгы менен тыгыз байланышып келген. Эгерде кыргыздардын лидери теңата болуп сүйлөшө алса, анда алардын пикирлери оң жагына өзгөрөт. Менимче, Садыр Жапаров аны кылдат түшүнүп турат. Кечээ эле мурдагы башчыбызды Кремлге киргизбей койбоду беле? Аны унутпасак. Мындан өткөн кордук болгон эмес бизге. Азыр Садыр Жапаровдун эл ичиндеги бийик аброюн Путин эң сонун түшүнүп турат. Ошондуктан, ал жакынкы мезгилдерде эле жолугушуп, сүйлөшөрүн туюп турам..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер