Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Алмазбек Бейшеналиевдин реформаторлук кадамдары

Министр Алмазбек Бейшеналиевдин реформаторлук кадамдары

30-июнь, 22:24
386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Азия – Тынч океан өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин Бангкокто өткөн II конференциясына катышып, “Пандемия убагында үзгүлтүккө учураган билим берүүнү калыбына келтирүү” деген темада англис тилинде мазмундуу баяндама жасап, БУУнун билим берүү боюнча сентябрда боло турган саммитине карата уюштурулган бул жыйындын алкагында өткөн “тегерек үстөлдө” Кыргызстандын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча тажрыйба бөлүшкөн.

Өлкөбүздө окуу жылынын аякталышы менен “акыркы коңгуроо”, “бүтүрүү кечеси” сыяктуу окуучулардын эне-аталарын бушайманга салып, көп чыгымдарды талап кылган, ызы-чуу менен коштолгон шаан-шөкөттөр көп жылдардан бери “салтка” айланып калган. Министр Алмазбек Бейшеналиев “акыркы коңгуроого акча каражаты жыйналбасын”, “Бүтүрүү кечелери өткөрүлбөсүн” деген буйруктарды чыгарып, чечкиндүү кадам жасады эле, көптөн бери чечилбей келаткан бул көйгөйлөргө чекит коюлушуна ата-энелер ыраазы болуп жатышат. 

Министрликтин коллегиясынын кезектеги көчмө жыйынын Баткенде өткөрүп, маселелер менен жеринде таанышып, жеринде чечип келген. Андан чыгып Чаткалга барып, чатыры кулаган мектептин ордуна инвесторлордун эсебинен жаңы мектеп курууну сүйлөшүп, жабыркап калган мугалимдин абалын сурап, ага кам көрүп, жайында Ысык-Көлгө эс алууга пансионатка жолдомо берген. 

 Билим берүү тармагындагы реформаларды жигердүү жүргүзүү максатында Европа инвестициялык банкы менен суйлөшүүлөрдүн натыйжасында 32 миллион евро инвестиция бөлүнгөн. Ушундай эле сүйлөшүүлөр Дүйнөлүк банк менен жүргүзүлүп, жогорку билим берүү тармагын реформалоого инвестиция тартуу жагы күн тарибинде турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер