Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустан каны экинчи топтогулар көбүрөөк каза болгон

Коронавирустан каны экинчи топтогулар көбүрөөк каза болгон

23-июнь, 15:37
510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус жуктуруп, оору өтүшүп кеткен учурда каны экинчи топко киргендер башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк каза болот. Бул тууралуу ирандык адистердин иликтөөсүнө таянып, РИА Новости кабарлады. Буга чейин кытайлык жана америкалык илимпоздор да ушундай эле жыйынтыкка келишкенин “Спутник” сайты жазды.

Адистердин айтымында, коронавирус инфекциясын каны экинчи топко киргендер көтөрө албай кыйналат. Изилдөөгө ылайык, коронавирус жуктуруп алып көз жумгандардын арасында каны үчүнчү жана төртүнчү топко киргендер азыраак. Ал эми биринчи топко киргендер коронавируска бир топ туруштук бере алары аныкталган.

Буга чейин федералдык биологиялык агенттиктин башчысы Вероника Скворцова көбүнчө коронавирусту каны экинчи топко киргендер жуктурарын айткан. Германиялык окумуштуу Андре Франке башында турган медиктер менен молекулярдык биологдордун тобу дагы каны экинчи топко кирген адамдар башкаларга салыштырмалуу коронавируска көп туруштук бере албай турганын айткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер