Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдрасулова: “Кыйноолордун алдын алуу борборунун” макамы өзгөрүлбөсүн, мен каршымын”

Азиза Абдрасулова: “Кыйноолордун алдын алуу борборунун” макамы өзгөрүлбөсүн, мен каршымын”

12-июль, 12:21
351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азиза айым, жакындан бери акыйкатчы институту менен “Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборду” бириктирүү сунушу айтылып жатат. Укук коргоочу катары сиз бул сунушка кандай карайсыз?

-- Мен буга караманча каршымын. Себеби, экөөнүн мандаты, ыйгарым укугу дагы, максаты, багыты да эки башка. Кыйноолор кайсы жерде болушу мүмкүн? Жабык жана жарым-жартылай жабык жайларда. “Кыйноолордун алдын алуу борбору” дал ушундай жабык жайларда шорлогондорду иликтейт. “Кыйноо” десе биз уруп-сабап өлтүрүп койгонду эле түшүнөбүз. А чындыгында ташбоор мамиле деле кыйноого кирет. Мисалы, балдар үйүндөгү өспүрүмгө тамак бербей бурчка тургузуп коюшат. Же болбосо кадыр-баркына шек келтирчү маселе, айталы, аял кишилерди эркектер тинтүү жасап, кийимдерин чечсе... Ошон үчүн бул борборду акыйкатчынын курамына киргизип, макамын ылдый түшүрүп, акыйкатчы каякка жумшаса чуркай турган органга айландырган туура эмес. Азыр “Кыйноолордун алдын алуу борборун” түздөн-түз координациялык кеңеш башкарат. Кеңеш он бир адамдан турат. Анын сегизи жарандык коомдун өкүлдөрү, бирөө акыйкатчы, экөө депутат (бирөө оппозициядан, бирөө позициядан). Ошол он бир адам директорду тандайт, кызматкерлерди дайындайт, борбор ошол он бир адамга отчет берет. Бул көз карандысыз, жарандык коом түзгөн институт. Ал эми акыйкатчыны карап көрөлү, Конституция боюнча Кыргызсандагы адам укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл акыйкатчы аркылуу жүргүзүлөт. Ал түздөн-түз парламентке көз каранды. Акыйкатчыны дайындоо жана жумуштан алуу парламенттин укугунда. 

-- Анда борбор азыркыдай көз карандысыз болбой калат турбайбы? 

-- Улуттук борбор өзүнүн мыйзамы менен иштейт. Анан акыйкатчынын курамына кирип, анын бир бөлүмү болуп кала турган болсо, албетте... Ошон үчүн мен анын макамынын өзгөрүшүнө караманча каршымын. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер