Сайкал Садыбакасова да жигити тууралуу үн катты
“Кыз-Бурактан” чыккан белгилүү ырчы Сайкал Садыбакасова мындан эки жыл мурун журналист Максат Довранов экөө баш кошуп, бирок тез эле ажырашып кеткени маалым.
Жакында Ош шаарында өткөн ырчы Данияр Эрматовдун үйлөнүү үлпөтүндө Сайкал Садыбакасова менен Максат Доврановдун чогуу отурганын көргөндөр эки жаш кайра элдештиби деген пикирлер жазылган.
Бул сөздөргө чекит коюу максатында ырчы Сайкал Садыбакасова социалдык тармакка буларды жазып чыгарды:
"Тойдон кийин уктап турсам СМС билдирүүлөр көбөйүп кетиптир. Баары эле "Максат менен жараштыңбы?" дегендер экен. Негизи Максат Довранов экөөбүз бири-бирибизге сый мамиле жасайбыз. Кесиптешибиздин тоюнда мен башка столдо Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова эжелерим башка столдо отурган экен. Антракт учурунда эжелерим менен учурашып коёюн деп барсам Максат бар экен. Болгону саламдашып койгонбуз. Экөөбүздүн ажырашканыбызга 2 жылдай болуп калды, жашоо улана берет экен. Менин жеке жашоомдо баары жакшы. Жигитим бар, буюрса кийинки жылы ачыкка чыгарам", - деди.
Ал эми тойдо Сайкал Садыбакасова менен Максат Доврановдун башкача бир жакшы учурашкан видеосу чыккан.