Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адилет Субанбеков: “Биздин клиника жасаган ишине үч жылга кепилдик берет”

Адилет Субанбеков: “Биздин клиника жасаган ишине үч жылга кепилдик берет”

23-январь, 22:30
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында “Dent-implant” клиникасына башбагууга аргасыз болдум. Жеке ишкана болгондуктан ичинин тазасы жомоктогудай. Андагы кызматкерлер көп күттүрбөй ийкемдүү кабыл алышты. Баардыгы заманбап техника, жабдуулар, рентгени да ошо жерде экен. Ал ортодо клиниканын башчысы Адилет иним менен маектеше кеттим.

-- Адилет, атайын тиш доктурда окугансыңбы же жалпы медицина боюнча билимиң барбы? 

-- Санкт-Петербургда ортодонтия боюнча окугам, андан сырткары, квалификациямды жогорулатып, вебинарларга, ар кандай конференцияларга катышкам. Кесиптештерим да абдан жоопкерчиликтүү адамдар. Алардын ар бири көптөгөн дарыгерлердин арасынан тандалып алынган өз тармагынын кесипкөй адистери. Биздин клиникада ар чөйрөгө багытталган дарылоону ала аласыз, башкача айтканда, биздин дарыгерлер баардык нерсе менен алектенишпейт, алардын ар бири стоматологияда белгилүү бир тармакты аткарышат.

Бурул Чыныбекова жана доктор Али Железогло терапевт, алар тиштерди  дарылашат, доктор Игорь протездөө менен алектенет, керамика, цирконий коронкаларды, протездерди (гель, кресло, акрил) жасайт, Сафар хирург, ал тиш жулат жана импланттарды коёт. Мен болсо тиштерди түздөйм. Баары жогорку билимдүү адистер.

-- Жамаатыңар ар улуттуу окшойт?

-- Аны туура баамдапсыз. Анткени, бизде кыргыз, түрк, орус, гагауз улуттагы дарыгерлер иштейт. Алардын баары өз ишине жоопкерчиликтүү, аракетчил, билимге умтулган дарыгерлер.

-- Учурда кандай көйгөйлөр менен кайрылгандар көп болууда?

-- Пульпит, периодонтит, тиштин чириши сыяктуу көйгөйлөр менен көп бейтаптар кайрылат. Пульпит – тиш көңдөйүн толтуруп туруучу ткандын (пульпанын) сезгениши, көбүнчө тиштин чиришинде (кариес) микробдун пайда болушунан болот. Пульпиттин алдын алууда чириген тишти өз убагында дарылоо зарыл. Ал үчүн жылына экиден кем эмес стоматолог врачка кайрылып, тиштерди текшертип туруу максатка ылайык. Мен эми сизге тиштин бир эле пульпитти айттым. Мындайлар толтура.

-- Көп эле клиникаларда болдум эле, мындай заманбап клиниканы биринчи жолу кезиктирдим...

-- Тилекке каршы, биздин мамлекеттик бейтапканалар (баардыгы эмес) бюджеттин тартыштыгынан сапаттуу, кымбат материалдарды, аспаптарды ала алышпайт. Бизде аларга салыштырмалуу дары-дармектер, аспаптар, жабдуулар, материалдар жогорку деңгээлде колдонулат. Ошого карабастан кызмат акысын кымбаттатпаганга аракет кылабыз. Эң ириде бейтаптарга жогорку деңгээлде дарылоону бергенге милдеттүүбүз.

-- Тиш доктурга кайрылган бейтапты баасы сөзсүз кызыктырат эмеспи, бу жагы кандай?

-- Баасы ынанымдуу жана көптөгөн арзандатуулар болот, мисалы, пенсионерлерге, студенттерге, мектеп окуучулары ж.б. каралган. Ошол эле учурда биздин туруктуу кардарларыбызга да абдан жакшы арзандатуулар бар!

-- Ошондо жасаган иштериңерге канчалык деңгээлде кепилдик бере аласыңар?

-- Ар бир жасаган ишибизге үч жылга кепилдик беребиз, 0700-94-69-26 телефон номуруна кайрылгыла, келгиле. Сиздер үчүн ар дайым кызматтабыз!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер