“Биримдиктин” талапкери Улукбек Кочкоровдун саясаттагы шылуундугу


2017-жылы Улукбек Кочкоров президенттик шайлоого чыгып, жалпы республика боюнча 8 миңдей добуш алган. Көп өтпөй бийлик менен кызматташып, министрлик креслону ээлеп отурду. Эмне иш кылганы эсибизде жок, бирок популизм менен шугулданганын билебиз. Өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын алдыңкы катарында аламанга аттанып, уятка калганы ырас. Жаңы бийлик орногону кайрадан министрлик креслого жармаша калып, аз убакыт иштеп, эми кайра президенттик такты үчүн ат салышууда. Кандайча түшүнөбүз? Баскан жолу ыраатсыз көрүнүп, мансап үчүн кошоматка да, баарына даяр беле? Сыягы, Баткен тараптагы Адахан Мадумаровдун ичкиликтерден ала турган добушун Улукбек Кочкоров бөлсө, адатынча жаңы кожоюнга жакшы көрүнүп, анан көнгөн адатынча парламенттик шайлоого аттанат, же “устукан” алат. Башка жылуулук жок, койгон максаттары ушундай эле. Аныгында, элдин жүгүн көтөрүүгө батынбайт тура. Эң кур дегенде оппозиционер катары чындыкты айтып, карапайым калктын таламын талашса не? Саясаттагы жагымпоздугун качан таштайт? Курулай эле патриот болгону суу кечпей калды го? Жо-ок, каражанды багыш керек... Дал ушундай шылуундардын айынан саясый элита оңолбой, элибиз да жыргабай келатканы жалганбы?..
"Азия Ньюс" гезити











