Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сени өзүмдөн алыстатуу өтө кыйынга турду, бирок артка жол жок

Сени өзүмдөн алыстатуу өтө кыйынга турду, бирок артка жол жок

19-июль, 18:11
1 922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баары бүттү. Акыркы чечимди чыгардык. Экөөбүз эки жакка кеттик. Сен балдарыңды, аялыңды ойлодуң. Мен болсо бир тууган сиңдилеримди,
келиндеримди ойлодум, кайтар дүйнө болуп кайрылып келип, алардын жашоосунда дагы мага окшоп үчүнчү адам пайда болуп, аларды кыйнашын каалабадым!
Бирок сени дагы деле жакшы көрөм. Билем, сен да сүйөсүң, эркектикке салдың, көзүңдү ала качып, шарт бурулуп кеттиң. Машинаңды чаңытып айдап бараттың.

Баары бүттү, сен эми келбе, кайрылсаң өзүмдү кармай албайм. Эгер келбесең артыңдан издеп баралбайм. Сени өзүмдөн алыстатуу өтө кыйынга турду, бирок артка жол жок. Сен да кайрылба, мен да кайрылбайм. Экөөбүздүн ушул чечимибиз гана туура. Жоодурап сүрөттөгүдөй өткөн күндөр, өткөн элестер гана жүрөктөрдө жайшай бермекчи. Ал сезим биздин көзүбүз жумулганча жашайт. Кош эми... 


Жанара 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер