Аскарбек Шадиев “Ала-Арча” соода борборунан кол жууду...

“Көмүскөдөгү аңчылыктын” чындыгы чыгабы? “Ала-Арча” соода, оюн-зоок борбору качып кеткен Аскарбек Шадевге караштуу экени айтылып келген. Акыркы мезгилде текшерүү иштери оперативдүү маанайда жүрүп, мамлекетке тартып алуу аракети көрүлгөнү тар чөйрөдө талкууга алынууда. Башта “Ала-Арча” Аскарбек Шадиевдин аялынын наамына жазылып келсе, натыйжада, кожойкелик укугунан ажырадыбы? Ири бизнес, чоң байлык эмеспи. “Бүгүн бар да, эртең жок, ушундай экен дүнүйө бок” дечү эле. Биринчиден, “медалдын экинчи бети бар” демекчи, “мамлекетке өттү” дегенибиз менен ишкерлерге карата үркүтүү эмеспи? Экинчиден, Шадиев өмүр бою чиновник болуп жүрүп, миллиондорду чапчыган мынчалык кирешеге каяктан ээлик кылып жүрөт? Айтор, собол салсаң улана берет. “Керкисинде да, кемтигинде да бар” дегендей, кайсы бир таризде так кесе бүтүм чыгара албайсың. Адашкан коомбу?..
"Азия Ньюс" гезити