Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Кыргызга күйгөн жүрөгүм бар”

Чынара Мамажакыпова: “Кыргызга күйгөн жүрөгүм бар”

24-август, 11:37
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жол кырсыгына кабылган 14 мекендешибиздин өлүмү бүтүндөй журтубуздун кабыргасын кайыштырды. Бул окуядан соң элди  ынтымакка чакырып, “Аярзат” коомдук бирикмесинин төрайымы кайрылуу жолдоду.

“Миграция маселеси курчуп дүйнө жүзүндө тынч жашоо жок. Биз чоң мамлекеттердин жанында кысылып турган чагыбыз. Басмырлоо, кыйноо күндө жаңы өзгөрүүлөр, коркунучтар. 

Учурда болуп көрбөгөндөй “Бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып” ынтымакка келчү кооптуу мезгилдебиз. Төрт кыргызды төрт жакка бөлүп жаткан башка мамлекеттердин адамдарыбы? Же “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей коркунучтуу ушундай адамдар көбөйдүбү? 

Кылдын учунда турабыз. Мындай абалдан ынтымак, биримдик, азыркы абалды терең түшүнүү, мекенчилдик сезим гана көптөгөн кооптонуулардан куткарат. 

Кыргызымдын кызы катары канкакшап айткым келет. Элиме жеткиргим  келет. Тышкы саясат курч абалда турганда бизге ызы-чуунун, будуң чаңдын кереги жок.    Ушундай убакта бири-бирибизди колдоп ичибизде кандайдыр бир саясий оюндардын кызыкчылыгына алдырып өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп койуудан сак бололу журтум!

Бүгүнкү күндөрү мекендештерибиз оор кырсыкка кабылып жүрөгүбуз тилинип, аза күтүп турган учурубуз. 

 Президентибиз деле Оруссияга барып элчиликтер менен сүйлөшүү жүргүзүп келген. Бирок ал иштер толук кандуу ишке ашкан жок. Туш тараптан кысмалоо. Ызы чууну күткөн, айрым адамдар бар. 

Улам бир кырсыктар тооруп жатат. 

Оруссия деген чоң өлкө. Алар бизди тоготкон   жери жок. Элчи айым ал жерде мигранттар маселесин чече албаса анда анын алмаштырып койуу эле туура. 

Элчи деген кыргызды бөтөн элде, бөтөн жерде жүргөн кыргыздардын укугун коргоого барган адам. Ошондуктан алардын үнүн укпай, сүйлөшпөй жок дегенде элге чыгып жакшы сөздөрүн арнап койбогону жан кейитет. 

Өтүп кеткен, миграция маселеси менен жолго чыгып каза болгон кыргыздарга эки үч ооз сөз кайрылуу жолдоп жакындарына туугандарына жакшы сөзүн айтып койсо деле ашыкча болмок эмес. Ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир элчинин элиме деген жүрөк оту, мекенчилдик сезими жанып турушу керек. Элчи айымга окшоп жүрөгү таш болуп турганы бул мерездик, бул тоңуп калган жүрөк элди азаптардан куткара албайт.                                                                                  

Эң негизгиси бизде тынчтык болсун. Кандай кырдаалга тушукпайлы биз биригели! Бир бололу! Кыйынчылыктарды жиреп өтүп кетели! Бизди башка дөө шаа өлкөлөр тебелеп кетпесин.   

 Кыргыз деп соккон мекенчилдик сезим менен ынтымакка, биримдикке чакыргым келет. Дүнүйө, байлык, бийлик баары калат. Биздин ынтымагыбыз, кыйынчылыкты жеңе билүүбүз тарых болуп муундарга жаркырап кала берет деп элиме кайрылмакчымын.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер