Аскар Сагынбаев: “Өзгөндүн же Баткендин күрүчү” деген брендди жогото баштадык”

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси менен азыноолак маек.
-- Аскар мырза, химиялаштыруу акыркы кездерде шалыга чейин жетти. Буга чейин жок дегенде “жеген күрүчүбүз натуралдуу” деп каниет кылсак, эми ал да нукура болбой бараткансыйт.
-- Шалы негизинен сууда өскөн өсүмдүк. Сууну тазалап турган тирүү лаборатория – бул бака. Бирок кийинки кездерде чардаган бакаларыбыз жок болуп кетти. Анын натыйжасында, азыр Өзгөн күрүчү, Баткен, же Кара-Дарыянын күрүчү деген брендди да жогото баштадык. Мурда чайканадан аш жегендер тигил, же бул күрүчтөн деп заказ кылышса, азыр андай болбой калды. Анткени, азыркы күрүчтөрдүн мурдагыдай даамы жок. Себеби, шалы эккендер аны отоо чөптөрдөн арылтууда кол менен отогондон эринишип, гербициддерди колдонушат.
-- Бул жалгыз күрүчтүн эле көйгөйү эмес, коон, дарбыз деле ошол. Акыркы кездерде дарбыздан ууланган учурлар пайда боло баштады.
-- Бул маселеде биз бир нерсени эстен чыгарбообуз керек. Дүйнө жүзү өзү Менделеевдин таблицасындагы химиялык элементтерден турат. Өсүмдүктө, адамдын өзүндө деле бул жагы бар. Оору деген эмне? Адамдын же өсүмдүктүн курамында химиялык элементтердин же көбөйүп, же азайып кеткени. Ал эми дарылоо болсо ошону нормага салуу. Жашылча-жемиштерге жер семирткичтерди колдонууда биз топурактын курамындагы жетишпеген элементтерди так билишибиз керек. Анүчүн лабораториялык иликтөө зарыл. Андан кийин адистин сунушу боюнча жетпеген химиялык элементти колдоно берсек болот. Тилекке каршы, азыр дыйкандарыбыздын көпчүлүгү ар кандай жер семирткичтерди өлчөөсүз, эч кандай изилдөөсү жок эле берип салып жатышат. Анын натыйжасында топурактын курамында химиялык элементтер көбөйүп, аны өсүмдүк өзүнө алат. Коон, дарбыздардын мурдагыдай даамдуу болбой, зыяндуу боло баштаганынын себеби да ошол нитраттардын көбөйүп кеткенинен. Органикалык жер семирткичтер тууралуу деле ушуну айтса болот. Ал табыгый жол менен пайда болгону үчүн химиялык жер семирткичке караганда акырын таасир этет. Бирок, аны деле көп салса өсүмдүктү күйгүзүп салат. Ошондуктан, бардык нерседе норма сакталууга тийиш. Азыр дыйкандардын көбү жашылча-жемишти элге тартуулап, сооп алайын деген ниет менен эмес, мүмкүн болушунча көбүрөөк акча тапсам деген ой менен жашап калышты. Алар бул өсүмдүктөрдү өздөрүнүн балдарына окшогон эле балдар жээрин унутпаса жакшы болот эле. “Пенде кылат отузду, Кудай кылат тогузду” деген кеп бар эмеспи. Эгер элден сооп эмес, наалат келсе, андан тапкан акчанын деле берекеси болбойт.
-- Бул нерсе дыйкандардын чөнтөгүнө гана эмес, өлкөнүн жалпы экономикасына да терс таасирин тийгизип жатат. Бизден өндүрүлгөн жер-жемиштер чет өлкөлөргө, мисалы, Россияга барган соң лабораториядан өтпөй калып, артка кайтарып ийген учурлар көп эле болууда.
-- Жана биз жогоруда айткандай да. Эгер дыйкандын иши Кудайга жаккан болсо, кайда алпарып сатса да пайда көрүп, берекесин табат. Көбү ошону түшүнбөй жатышат. Менимче, бул убактылуу нерсе. Акырындап бизде да “бул баланча өндүргөн товар” деген бренд пайда болушу керек.