“Азыркы системанын ыкмасы – өлкөнү карызга батырып, тарифтерди көтөрүү!”

-- Өкмөт башчы Акылбек Жапаров экономикалык өсүштөрдү белгилеп, “илбирс секирик” менен алдыга жыларыбызды айтууда. А карапайым элдин жашоосу качан оңолот?
Айылчы Сарыбаев, профессор:
-- Экономика өскөн жок. Ар кандай “кустуруулар” көп болду. Инфляциянын эсебинен сооданын көлөмү өстү. Реэкспорт Россия-Украина согушунун аркасы менен “илбирс секирик” жасады. Бул жерде өкмөттүн эч кандай тийешеси жок. Эл аралык кризистик кырдаал жардам берди. Негизи мамлекеттик институттар жеке менчик коммерциялык мекемелерге айланып калган. Бир дагы мамлекеттик мекемелерден акысыз эч нерсе ала албайсың. Алардын кызмат акысы официалдуу жана официалдуу эмес деп экиге бөлүнөт. Официалдуусу инфляцияга жараша жогорулай берет. Официалдуу эмеси ал кызматкердин алкымына жараша болот. Ошону “илбирс секирик” деп жатса керек. Мисалы, мен бир жарым жылдан бери жерге чечим чыгарта албай жүрөм. Себеби, эч кимге пара берген эмесмин. Параны демейде жетекчилери алат. Жөнөкөй кызматчылары айлык алганына эле ыраазы болот.
Эрнест Карыбеков, серепчи:
-- Бюджетти толтуруу менен экономикалык өсүштүн айырмасы асман менен жердей. Ооба, бюджеттин көлөмү өсүп жатат. Биринчиден, элдин эсебинен көтөрүлүүдө. Маселен, салык, тариф, ж.б. Экинчиден, мамлекеттик мүлктөрдүн капитализациясын жогорулатуу. Үчүнчүдөн, өзгөчө киреше, дүйнөлүк саясат өзгөрүп атканда, Кыргызстан аркылуу миллиарддаган (Америка доллары менен) келишимдер түзүлүп, Россия, Кытай аларга каршылык санкцияларды чечип атышат. Бул күнүмдүк "өсүш". Карапайым элдин жашоосу жакында оңолбойт. "Илбирс секирик" десин, же Акылбектин жети атасынын аттары аталса дагы Кыргызстандын экономикасынын реалдуу өсүшү азыркы каржы-экономикалык системада мүмкүн эмес. Анткени, бул системанын бир эле ыкмасы бар – өлкөнү карызга батырып, тарифтерди көтөрүү! Ар кайсы модага кирген, өлкөгө кереги жок, тескерисинче, зыян алып келген долбоорлорду мамлекеттин мойнуна илүү, көз каранды кылуу. Эгерде Украинадагы согуш аяктап, жогоруда айтылган санкциялар токтоп, башка мамлекеттер өздөрүнүн экономикалык моделдерине тез өтүп кетишсе, а биз азыркыдай оокатыбызды уланта берсек, анда сызга отуруп калабыз. Ошондуктан, биз өзүбүздүн экономикалык моделибизге тезирээк өткөнүбүз оң. Дагы бир жолу кайталайм, улуттук баалуулуктардын эң башында көз карандысыздык болсо, анда жашообузду оңдой турган жолдор өзү эле ачылат. Мамлекеттин түздөн-түз милдети – бул калктын жыргалчылыгын жогорулатуу. Президент буга болгон аракетин жумшап жатат, бирок реалдуу өнүгүү үчүн Кыргызстан өзүнүн каржы экономикалык моделине өтүшү керек.
Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Акылбек Жапаров экономиканы көтөрүп, көп тармакта экономикалык өсүштөрдү жасап жатканын эч ким тана албайт. Мына, канча оорукана, мектеп, бала бакча, жол салынып жатат. Айлык, пенсия көбөйдү. Азыркы бийлик жакшы иштеп жатат. Акылбек Жапаровду баалашыбыз керек. Президент Акылбекти баалаганы үчүн иш алдыга жүрүүдө. Мурун эч бир өкмөт мынчалык иштеген эмес. Интриганын гана ичинде болушчу. Ошон үчүн бат эле алмаштыра беришчү.
Азыр Кудайга шүгүр, элдин жашоосу оңолуп калды. Мурунку пенсияма бир мүшөк ун да келчү эмес. Азыр үч мүшөк алганга жетип калды. Дагы пенсиям өсөт деп күтүп жатам. Мен ыраазымын. Эң негизгиси, Кыргызстанда жумуш оруну көбөйдү. Жумуш орун көбөйгөн үчүн ушул жактан иштеп, чет мамлекеттеги үй-бүлөсүн багып жаткандар бар. Алар атаандаштыкты пайда кылышып, Бангладеш, Индия, Өзбекстандан бери келишип, жумуш талашып жатышат. Ушул темп менен кете берсек, 10 жылдын ичинде өнүккөн мамлекеттердин катарына кирип калабыз.