Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кой-Таш чыңалган жатса, бийлик дардаңбайлары оюн-зооктун үстүндө жүрүшөт...

Кой-Таш чыңалган жатса, бийлик дардаңбайлары оюн-зооктун үстүндө жүрүшөт...

05-февраль, 13:15
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн айларда Аламүдүн районунун Байтик айылында Чүйдүн ондогон командасын топтошуп, улак тартыш өткөрүшкөн. Келгендер оюн көрүшүп, алган байгелерин жуушуп, бапырап тарап кетишкен болчу. Тилекке каршы, элге карата үгүт-насаат кептери айтылбай, ынтымак идеологиясына баш оорутушпаганы таңгалдырган!

Эми болсо 7-8-февраль күндөрү Сокулук районунун Белек айылынан кайрадан көк бөрү тартышып, Чүй облусунун биринчилигин майрамдаганы жатышыптыр. Демилгечилер шайлоо астында пиар иштерин жүргүзүп алуу үчүн эдиреңдешип, эл астында жеке упай топтоого шымаланганын уктук. Азыр улам бир партияга секирип, мандат куугандардын заманы болуп калбадыбы! 

Биз кеңеш айтат элек, чүйлүк мансапкорлор шайлоого карай жеңил пиары үчүн жандалбаска түшө беришпей, Сары Өзөндөгү ынтымакты чыңдоого, элдин келечекке болгон ишенимин арттырууга, ошого катар сабырдуулукка чакыруу демилгесин көтөрүшпөйбү?! “Чайнап берген аш болбойт” дегендей, буларга миң кайталап жазсаң деле мээлерине кирбей, жеке кызыкчылыктары үчүн аттарын чыгарууга эле кызыгышат тура. Ал эми мамлекеттин туруктуулугу үчүн эмнеге ойлонушпайт? Маселен, жазында Кой-Таш окуясын ырбатууга аракеттер көрүлүп атканын билесиңерби? Бул жагынан тымызын күчтөр "иштеп" атышса, депутаттыкка аттанган бийликтин дардаңбайлары оюн-зооктун үстүндө жүрүшөт... 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер