Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Атамбаевдин камакта жатканы үчүн Путин салкын мамиле кылдыбы?
Атамбаевдин камакта жатканы үчүн Путин салкын мамиле кылдыбы?
06-май, 13:59

Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу камактан чыгары күтүлүп, ал ортодо чек ара чатагынан согуш чыгып кетип, бул процесс жылдырылыптыр. Негизи экс-президенттин саламаттыгы начар, бирок духу бийик экен. Кремлдин колдоосу менен эркиндикке чыгары, Москвадан дарыланары күтүлгөн кербезиби? Азырынча абакта жатуу мөөнөтү узартылууда. Балким жакынкы күндөрү бошойбу?.. Дагы бир божомолдон алганда, РФ президенти Путин Тажикстандын кол салуусуна салкын карап, Кыргызстанга болушпай койгону Атамбаевдин маселесине байланыштуубу? Бийлик Кремлдин суранычын укпай койгону үчүн саясый кырдаалдын татаалдашуусуна негиз түзүлдүбү? Асыресе, жакынкы күндөрү көп кызыктардын бети ачылмакчы.
"Азия Ньюс" гезити