Акыркы кабарлар
» Экономика » Караколду өнүктүрүүгө 7 миллиард сом салса, а көмүскөдөгү кызыкчылыгы айтылабы?
Караколду өнүктүрүүгө 7 миллиард сом салса, а көмүскөдөгү кызыкчылыгы айтылабы?
28-июль, 17:41


Каракол шаарын өнүктүрүүгө “Ширшов фонду” 7 миллирад сом инвестиция салуу планын жарыялаптыр. Аталган демилге менен социалдык объектерди куруу, инфраструктураны жакшыртуу экен. Ток этерин айтканда, Алексей Ширшов Караколду гүлдөтүүгө билек түрө киришкен кербези. Албетте, кубанарлык көрүнүш. Бирок, “медалдын экинчи бети бар” дегендей, шаарды өнүктүрүү менен Ширшов эмне пайда табат? Жөн эле миллиарддарын чача бербейт да, туурабы? Ал жактан жер алып, ири бизнес долбоорлорун ишке ашырабы? Кандай кызыкчылыктар менен киришип атат? Көмүскөдөгү мына ушул жагын ачыктап коюшса не? Акыл-эстүү адамдар арсар ойдо калып атпайбы... “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегенди унутпасак...










