Телесуфлерду аңдабаган коомчулукту Чыңгыз Айдарбеков дүрбөтүп койду
Коомчулук сабатсыздыкка каршы күрөшүп, спикер Жумабековдун Казакстандан орусча текстти тыңгылыктуу окуй албаганы нааразычылык жаратып атканда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУдан сүйлөгөн сөзүн интернетке жарыялатып жиберип, упай алууга ашыкканын байкатып койду. Алгач коомчулук өлөрчө мактап атты эле, анан бир күн өтпөй Айдарбековдун телесуфлерду пайдаланганы ачыкка чыгып калбадыбы. Сырттан караган адамга байкалбаганы менен докладчынын көз алдынан даярдалган текст жүгүрүп турат. Кыраатына сала окуй берсең болот. БУУда тышкы иштер министри милдетин аткарып, Кыргызстандын атынан сүйлөп атат. Бул анын иши да. Тилекке каршы, интернет колдонуучуларыбыз ушунчалык баёо, көпчүлүгү “эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” дегендей, алысты көрө албаган бир байкуштар болсо, анан түшүнүп-түшүнбөй министрди макташып, кайра айный беришет тура...