Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апам тапкан бала менен бактылуу боло албадым, никеден кийин сүйүү жок...

Апам тапкан бала менен бактылуу боло албадым, никеден кийин сүйүү жок...

06-июнь, 12:56
1 728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмушка чыккам. Ата-энемдин ыраазычылыгы үчүн эле турмушка чыгып алыпмын. “Жаш экенмин” деп азыр өкүнөм. Ортодо балдарым бар. Күйөөм “сүйөм эле сүйөм” деп жүрүп баш кошконбуз. “Никеден кийин сүйүү башталат” дегенге ишенбей калдым. Себеби, күйөөмдү эч эле сүйө албай койдум. Канчалык аракеттенбейин, жүрөгүм жылыбай койду. Балдар үчүн эле жашап жүрөм.  Көңүлүм дайым чөгүп, ажырашып кетким келет. 

Жашаганыбызга он жыл болду. “Балдар үчүн жашайм” деп атып, өзүм кыйналып кеттим. Ажырашсам балдарым атасыз калат. Жүрөгүмө жакпаган адам менен жашап, бир өмүр өкүнүп өтөмбү? Сүйлөшсөк эле урушуп кетебиз. Дайыма жүрөгүмдү оорутуп сүйлөйт. Ал башкага кетип, аны менен бактылуу болуп кетсе кубанмакмын. Апам эле “ушул бала жакшы” деп мажбурлап берип салган. Өзүмдүн жигитимди “жакыр” деп тоготпой койгон. Ал кезде каршы болгондон уялсам керек. 

Ошондуктан ата-энелерге кайрыларым, кыздын да көңүлүн карап коюңуздар. Байлык менен бактылуу кыла албайсыздар. Кызыңардын сезимине карагыла. Албетте, менин апам да мени “бактылуу болсо экен” деген. Азыр эч нерседен кем эмесмин, бирок сүйүү жок. Күйөөмдүн орой мамилеси ар бир күнү көңүлүмдү чөгөрөт. Ушинтип жашоомду уланта беришим керекпи? Кандай кадамга барсам болот?..


Зарема 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер