Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Менден бир топ жаш улуу бөлөк улуттагы күйөөмдү сүйө албай койдум

Менден бир топ жаш улуу бөлөк улуттагы күйөөмдү сүйө албай койдум

05-май, 21:13
613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ымыркайымдын ар бир демин тыңшап, көпкө уйкусуз жатам. Бул мен үчүн күнүмдүк адатка айланган. Азыр дагы ошондой абалдамын. Менин тээ көкүрөк тереңиндеги муңумду, кайгымды ким түшүнсүн? Секелек курагым артта калып, бой жетип келе жатканда мен бул күндөрдү таптакыр башкача элестетчүмүн. 

Мектепти аяктаган соң жактырган жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, бактылуу студентке айландым. Капысынан Максат менен таанышып калдым. Сыртынан түзүк жигит өңдөнгөн Максатты терең билүүгө да үлгүрбөдүм. Бир-эки ирет кезиккен соң эле мени ала качып кетти. “Таш түшкөн жерде оор” болуп отуруп калдым. Мен Максаттан бала кезден кыялданган сезимдерди, сүйүүнү күтө бердим. Бирок Максат таптакыр башка адам болуп чыкты. Көкүрөгү көңдөй, аялды жөн гана күң катары көргөн, ар убак мазактап, басмырлап сүйлөгөн сөздөрү менин көңүлүмдү акырындап калтыра баштады. Бир күнү Максат жөнү жок жерден уруш чыгарып, мени аябай сабады. Бети-башымдын баары көгала. Чыдамым түгөндү. Кийим-кечемди жыйнап, кызымды көтөрүп алып, төркүнүмдү көздөй жөнөдүм. 

 Арадан жылдар өттү. Эки-үч курдай Максат кечирим сурап келди. Бирок баягы жашоону кайрадан уланткым келбеди. Биз Максат экөөбүз биротоло кол үзүштүк. Жашоомдун жаңы барагын ачкым келди. Же жартылуу жумуш таба албай, жалгыз бизди багып чоңойткон апама оордугумду салбай, кызымды апама таштап, алыска иштеп келүүнү туура көрдүм. Дубай шаарынан өзүмө ылайыктуу жумуш таап орноштум. Муздак, супсак жашоо... Бир гана максатым: арбыныраак акча таап, апам менен бир туугандарыма жөнөтүү эле. Мен баласын баккан кожоюндун жакын досу бар болчу. Ал кеткенден кийин ал адамдын жубайы каза болуп калганын айтып калышчу. Кийинки күндөрү ал адам тез-тез келчү болду. Бир күнү колумду сурады. Алгач башка улуттагы менден бир топ жаш улуу бул адамга турмушка чыгуу таптакыр мүмкүн эместей туюлганы менен акырындап турмушка чыгуу чечимине баш ийип бараттым. Ал адамдын материалдык абалы, анан кичипейилдиги, көзүмдү карап турганы мага жакты. Акыры анын колун кармап, турмуш жолуна аттандым. 

Азыр апама, жаңыдан телчигип бой жетип келе жаткан инилерим үчүн айсайын ойдогудай кенен каражат жөнөтүп турам. Бирок дагы деле жапжалгызмын. Менден бир топ жаш улуу бөлөк улуттагы күйөөмдү сүйө албай койдум. Дагы деле жандүйнөм аңгырайт. Заңгыраган үйдө ханышадай жашап жатсам да, кайрадан бактылуу балалык күндөрүмө кайткым келет... Кээде түшүмө айылым, апакем, казан асып кобурашып жасап жаткан тамактарыбыз, бөбөктөрдүн ызы-чуусу кирет. 

Мен бала кезден күткөн улуу сүйүү бул жашоодо жок болуп чыкты. Ымыркайымдын ар бир демин тыңшап, көпкө уйкусуз жатам. Бул мен үчүн күнүмдүк адатка айланган. Азыр дагы ошондой абалдамын. Менин тээ көкүрөк тереңиндеги муңумду, кайгымды ким түшүнсүн?..

Айнур Абылкасым кызы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер