Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшылык Матанов: “Биринчи жардам ыкчам көрүлгөндө, Чубак ажы тирүү калмак”

Жакшылык Матанов: “Биринчи жардам ыкчам көрүлгөндө, Чубак ажы тирүү калмак”

18-июль, 23:54
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Келечектен көптү үмүттөндүргөн, билимдүү, курч жаштарыбыздын бар экендиги таяныч берет. Алардын бири “Интеллект” окуу борборунун жана “Айыл-Кэмп” этнолагеринин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов.

-- Саламаттык сактоо тармагындагы шалаакылыкты баса белгилеп айтып келесиң. Акыркы кырдаал, көп өлүмдөргө кандай көз караш жаралууда?

-- Негизинен азыркы учурдагы апаат тез арада эле өкөбүзгө келе калган жок. Кошуна Кытай өлкөсүнөн чыккан вирус бүтүндөй дүйнө жүзүн айланып отуруп, алты ай дегенде Кыргызстанды толук кандуу каптап кетти. Ошол алты ай аралыгында ар тарабын чекчейтип даярдык көрө албаган өкмөт менен саламаттык сактоо министрлигинин шалаакылыгы. Экс-министр Космосбек Чолпонбаев “баарын мойнума алам, өзүм жооп берем” деген, бирок жооп бербей эле ал киши кызматтан кетүү менен чектелди. Өкмөттүн, министрликтин жетишерлик убактылары бар болчу. Тийешелүү чечимдерди кабыл алышып, система түзүүлөрү керек эле. Андай кыла алышкан жок. Даярдыктын жоктугунан, шалаакылыктын кесепетинен канча адамдар арабыздан өтүп кетти...

Бүгүн деле премьер-министр Боронов “үйгө жатпай ооруканага баргыла” деп жатат. Бирок ооруканаларга барганда жетишерлик орун жок, кабыл ала алышпай, дарыгерлер өздөрү ооруп, дарылар жетишсиз болуп, алдын ала даярдык көрүлбөгөнү көрүнүп турат. Ушул күнгө чейин 219 миллион доллар келгени айтылууда. Райондорду жөн коёлу, ар бир облуска оорукана курууга жете турган акча келген экен. Аны кыла алышкан жок.

-- Аалымыбыз Чубак ажынын акыркы мүнөттөрүндөгү көргөн-билгениңди,  чындыкты айтып чыктың...

-- Чубак ажы Жалилов тууралуу айта турган болсом, мен кабыл алуучу бөлмөдө отургам. Аябай оор акыбалда келген. Биринчи жардам ыкчам көрсөтүлгөндө, балким ал тирүү калмак. Өлгөн адамдын артынан чуу жаратууну туура көрбөй кайрылуумду алып салдым... Андан кийин эки күндөй үйдө жатып калдым. Мен бул окуяны аябай оор кабыл алдым. Стресс болдум. Унчукпай коюуга мүмкүн эмес эле. Айтчумду элиме айтып алдым...  


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер