Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райымбек Матраимов камалганы ишкерлер качты. Баалар асмандады...

Райымбек Матраимов камалганы ишкерлер качты. Баалар асмандады...

14-март, 20:22
1 478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Төбөлдөр катачылык кылышкандарын кеч сезишти. Адилетсиздик чыңалды. Карапайым калкка коркунуч жаралды. Эмесе, экономикалык жана саясый анализге баам салалы.

Райымбек Матраимов камалганы Кыргызстанда кескин түрдө кымбатчылык орун алды. Күйүүчү май, азык-түлүктөрдүн баалары асмандады. Кут кетти. Бизнес кылгандар өлкөбүздөн кача башташты. Кыргызстанга кирип аткан товарлар Казакстанга, Өзбекстанга ж.б. өлкөлөргө өтүүдө. Ал эми контрабанда баягыдай эле өнүгүп атат. Бир ууч топтун жыргаганы байкалууда. Аныгында, чыныгы ишкерлер товар айлантуудан коркуп калышыптыр. Себеби, Райым Матраимовду эрксизден, “мыйзамсыз байыгансың” деп камашты. “Зордун түбү кор” дегенди булар түшүнүшпөйбү?.. Каарманыбыз болсо Октябрь төңкөрүшүнөн кийин бир эсе жигитче, экинчиден тергөө менен кызматташуу иретинде мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Ал ашыкча сөздөрдөн жана “рекетчилик” органдардын кысымынан кутулайын (!) десе керек. Бирок, бийлик бейөкмөтчүлөрдүн, баканооздордун алдында упай алуу үчүн карасанатайлык кылды. Тескерисинче, кутумчулар күчөп кетишти. Башта белгилүү болгондой, Райымды оозануу жасалма жарандык коом үчүн курал эле...

Саясый кырдаал барган сайын курчуп баратат... 

Натыйжада, Райымбек Матраимовду тез арада камактан чыгаруу зарыл! Аны колдогондор күн санап өсүүдө. Көпчүлүк эл түшүндү, ар бир бийликтин “саясый куралына” айланып келатканын...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер