Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Кечеде жол буулуп, электр карагайлары кыйраса да Боронов кайдыгерби?

Кара-Кечеде жол буулуп, электр карагайлары кыйраса да Боронов кайдыгерби?

25-август, 14:51
856 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу окурман! 17-августта Кара-Кече көмүр кенине бара жаткан жолго тоо урап, жолду бууп, электр карагайлары кыйраган болчу. Ошондон бери Кара-Кечеде свет жок, электр тогу менен иштеген экскаватор жана башка шаймандар иштебей калган. Кара-Кече көмүр бассейнинде төрт ири көмүр өндүргөн компаниялар табигат туткунунда калып, байланышы жок отурат. ӨКМ ушул убакытка чейин жолду тазалоо ишин кылбай, кебелбей жатканы табышмак бойдон калууда. Премьер-министр Боронов кыш камын көрүп, элди жылуулук менен өз убагында камсыз кылууга, кышында жарыксыз калбоо үчүн убадасын берген. Эми кайдыгерби? Быйыл өзгөчө даярдыгынын бири жок. Ушундай дагы болчу беле? 17-августтан бери 8 күн өттү, өзгөчө кырдаалды ушинтип чечишеби? Анан суук түшкөндө, албетте, жумушчуларга жана айдоочуларга күч келет, далай адамдар ден соолугунан ажырап, түйшүккө кабылышат. Анан калса өкмөт болбогон жерден көмүрчүлөрдү күнөөлөгөн жайы бар эмеспи. Ошондуктан тез арада ӨКМ жолду ачып, электр карагайларын калыбына келтирүү кызматын жасап, көмүрчүлөрдү туткундан бошотушу зарыл. 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер