Бактияр Калпаев, ЖК депутаты: “Жакшы мугалимдерибиз жеке менчик мектептерге кетип калышты”


-- Бактыяр Алиевич, сиздер мектептерге лицей, гимназия макамын кайра кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан экенсиздер. Алардын жоюлганы туура эмес болгонбу?
-- Өзүңүздер билесиздер, Кыргызстанда эң алдыңкы мектептер ушул гимназия менен лицейлер эле. Министрлик туура эмес реформа жасаганынан улам биз мыйзам долбоорун даярдадык. Анткени, Бишкектеги №61 мектеп, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көлдөгү мектеп-гимназиялар эң алдыңкы, жөндөмдүү, билимдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарат эле. Баткен облусундагы гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн токсон пайызы медициналык академияга, он пайызы чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайларга өтчү. Ошолорду жоюп салган туура эмес болду. Жалпы республикалык тестирлөө көрсөттү, Ош, Баткен облусунан быйыл бир да окуучу алтын сертификат албаптыр. Ошондуктан, лицей, гимназиялардын макамын кайра кайтарышыбыз керек. Биз убакытты жоготуп алдык, себеби, жакшы мугалимдерибиз жеке менчик мектептерге кетип калышты. Эми аларды кайра алып келиш үчүн айлык маяналарын да көтөрүү зарыл.
-- Мыйзам кабыл алынса эле лицей, гимназиялар кайра калыбына келеби?
-- Мен министр менен сүйлөшкөндө “мыйзамда жок болгон үчүн жоюп салдык” деди. Ошон үчүн биз мыйзамга киргизип жатабыз. Мамлекет жетекчилери да мыйзамды колдоп берет деген үмүтүбүз бар. Анткени, биздин балдарыбыздын келечеги эртеңки билимден көз каранды.
"Азия Ньюс" гезити











