Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Муфтий Абдулазиз Закиров кайсы агымда?

Муфтий Абдулазиз Закиров кайсы агымда?

23-март, 20:52
1 544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдар көп. Алар исламды бетке кармашып, радикалдуу максаттарын жүзөгө ашыруунун амалдарын көрүп келишет. Күч органдары тарабынан байма-бай кармалып жатышса да, “уктап жаткан уюмдар” азайчудай эмес. Экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү үчүн да чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Канчалаган элдүү очоктордо жардыруулар болуп келди? Мындай шартта ар бир мамлекет ички жана тышкы коопсуздугун ойлоп, туруктуулукту, тынчтыкты камсыздоо үчүн күрөшүүгө бел байлашат.

Биздеги муфтийлик кызмат мартабалуу. Элге насаат айтып, ыйманга, туура жолго чакыра турган, багыт берчү шарттары жетиштүү. Зор таасирге эгедер. Тилекке каршы, муфтий Абдулазиз Закировдун ишмердиги ойдогудай эмес. Коомчулукта агартуу иштерин алып баруу жагынан аксап келет. Эмне иш менен алектенип атканы көпчүлүккө белгисиз. Азыр санарип заманга өтүүдөбүз. Өлкөдөгү молдокелер улам бир радикалдуу пикирлерин айтышып, каада-салтка, улуттук баалуулуктарга каршы келген маанай жаратышып, талаш-тартыштар токтойбой келет. Канча ирет нааразычылыктар жаралды? Оор кылмыш жасагандар да сакал коюшуп, исламдын жактоочулары катары чыга беришип, көндүмгө айланды го? Мектеп окуучулары орозо кармашып, сабактарын окубай мечиттерде жүргөн учурлар көбөйө баштады. Биздин мыйзамдарга ылайык, өспүрүм курактагылар диний иш-чараларга катышууга болбойт, мекептен гана билим алышы керек. Айтмакчы, кичинекей окуучу кыздарга жоолук салышып, ороп-чулгамай боюнча арбын сын-пикирлер айтылып келсе да, жыйынтыгы жок! Чыныгы педагогдор, мугалимдер гана ачык күрөшүүдө. Светтик мамлекет болгон соң, мыйзамда көрсөтүлгөн нукта кетишибиз керек. 

Натыйжада, муфтий Абдулазиз Закиров ата-бабадан калган салттуу диндин колдоочусубу, же башка да көз караштары барбы? Радикалдуу агымдардын таасири, үстөмдүгүнө карата эмне үчүн ой-пикирлерин айтпайт? Өзү негизи кайсы агымда? Муфтий катары чоң милдетти алган соң, коомдогу чыр-чатактуу, талаш-тартыштуу көйгөйлөрдү чечип, мамлекеттин мыйзамдарына жараша иш алып барбайбы? Улуттун уңгусуна, баалуулуктарга жараша үн катып, көпчүлүктү туура жолго салуудан эмнеге кетенчиктейт? Кыскасы, суроолор көп. Сөзсүз эле жаңжалды күтпөй, туруктуулукка шек жаратпай алакандай элибизди агартсак болбойбу? Муфтий милдетин аткарыш керек да, туурабы? Бирок, өкүнүчтүү...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер