Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окумуштуу: “Кезектеги пандемия эрип жаткан муздардан келиши мүмкүн”

Окумуштуу: “Кезектеги пандемия эрип жаткан муздардан келиши мүмкүн”

09-август, 16:53
1 708 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Covid тууралуу бестселлер жазган, дүйнөгө белгилүү биолог Анирбан Махапатра “пандемиянын жаңы түрү тез эрип жаткан муздардан улам келип чыгат” деп билдирди. Бул тууралуу kratko-news булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Микробиолог Анирбан Махапатра ар түрдүү оорулар менен ооруп өлгөн жана түбөлүк музда тоңуп калган жаныбарлардын сөөктөрү кезектеги пандемияга жол ачышы мүмкүн деп эсептейт. Ал сибир жарасы, чечек, столбняк жана башка белгисиз оорулар арктикалык муздарда миңдеген, алтургай миллиондогон жылдар бою жатышы мүмкүн деп болжойт.

Иш жүзүндө андай фактылар да көп. Беш жыл мурда арктиканын түбөлүк музу эригенде Сибир жарасы менен ооруп өлгөн бугулардын сөөктөрү аркылуу жергиликтүү калкка аталган дарт жукканын болжошкон болчу. Бул окуяда 12 жаштагы бала көз жумуп, дартты жугузган 100дөгөн учурлар катталган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер