Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылай Байматова: “Кийинки муун кыргыз адабиятын, маданиятын таанып, урматташы зарыл”

Акылай Байматова: “Кийинки муун кыргыз адабиятын, маданиятын таанып, урматташы зарыл”

12-сентябрь, 09:00
397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин рухий дөөлөтүбүз, байлыгыбыз болгон “Манас” эпосун англис тилине которуп, жакында өз мекенинде китептин ачылышын өткөрүп, жылуу пикирлер жолдонду. Америка элине “Манасты”! тартуулаган Акылай Байматова менен маек курдук. Акылай Кыргыз-Орус “Славян” университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. АКШнын Montana State University, M.S, Secondary Science Education окуу жайларын бүтүргөн. Учурда Флорида штатында, Американын Хэритаж окуу жайында Biology, Chemistry сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

-- Акылай, алгач студенттик куракка кайрылсак. АКШда студенттик күндөр кандай өттү?

-- Ал студенттик убак өтө кызык, бирок кыйын эле. Чет жактан келген студенттер окуу үчүн төрт эсе көбүрөөк акы төлөшчү. Ошондуктан иштеп дагы, окуп дагы, кыйналган күндөр көп болду. Окуп жүргөндө бир профессорум менин шыгымды байкап, студенттик гезитке редактор болгонго сунуш кылды. Алгач “ой, кантип жетишем? Иштеп, анан окусам, жетишпей калам” дедим. Бирок, ал жоопкерчиликти алгандан кийин үзүрүн дагы көрө баштадым. Калемим курчуп, ар кандай белгилүү адамдардан интервью алып, бүт АКШ боюнча конференцияларга барып, көп кызыктуу жана сонун сабактарды үйрөндүм. Чоң шаарлардагы студенттик иш-чараларга катыштым.

-- Американын Хэритаж менчик окуу жайында биология, химия сабагынан мугалим болуп эмгектенет экенсиз...

-- Мугалим болгонума өзүмдү бактылуу сезем, мен азыр менчик мектепте иштейм, төрт тарабы келишкен кыйын мектеп. Негедир өзүмдүн Жалал-Абаддагы №14 лицейди элестетем. Окуучуларга жаңы инновациялык ыкмаларды колдонуп, ар тараптуу тарбия-билим берилүүдө. Окуучулар акылдуу, алга умтулган, билимге кызыккан жеткинчектерден турат. Ушундай илимге, билимге умтулган жаштар менен күнүгө иштеш – мен үчүн чоң бакыт жана сыймык.

-- “Манас” эпосун англис тилине которуп, Америкадагы окурмандарга тартуулап, кыргыз элинин маданиятынын өсүп-өнүгүшүнө алыста жүрүп да чоң салымыңызды кошуп жатасыз... 

-- Азыркы мезгилде алыс болгонума карабай, өзүмдүн университетимдин интернеттеги китепканасындагы китептерди дайым окуйм. 2011-жылы Мар Байжиев түзгөн “Манас, Семетей, Сейтек” хрестоматиялык окуу китебин таап, аябай чоң кызыгуу менен окудум. Мар агай С.Орозбаков жана С.Каралаевдин версияларын бирдей алып, кыргызча дагы, орусча дагы жогорку окуу жайдын студенттерине чыгарган экен. Мен аябай сүйүнүп, күн сайын окуп, кыргыз тилиндегини орус тилиндеги версиясына салыштырчумун.

Анан кыргыздын мыкты жазуучу, сценаристи жазган версияны англис тилине котороюн деп чечтим. Кыргыз элинин улуу “Манас” эпосун кичине кезимде апам дайым окуп берип, манасчыларды угуп чоңойгом. Ошон үчүн апама өмүр бою ыраазымын. Бирок, ушундай улуу эпосту которууну эч ойлогон эмес элем. Өзүмдүн балдарым бой жетип, чоңоё баштаганда, “менин балдарым кыргыз тилин билип, кыргыз адабиятын, маданиятын таанып, урматташ керек” деп эпостун үзүндүлөрүнөн которо баштадым. Негизи англис тилине которулган версия бар экен. Уолтер Мэй деген англиялык акын которгон экен, бирок ал котормо менин оюмча Манастын духун, манасчы эпосту айткандай, окуучуга эпостун, кыргыздын рухун жеткире алган эмес.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер