Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм менен ажырашып кеткем, жалгыздык жанымды эзет

Күйөөм менен ажырашып кеткем, жалгыздык жанымды эзет

13-март, 19:30
1 148 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жагымсыз күндөр. Күйөөм менен ажырашканыма жети жыл болду. Эки уулум бар. Ушул убакка чейин аларга “турмушка чыкпайм” деп сөз берип келдим. Ал кезде 22 жашта болчумун. Азыр отуз жашка толдум. Барган сайын жашоо кызыксыз, супсак тартып барат. Балдарым атасы менен катташып турат. Өзүм жиберем. Атасы ким экенин билип, атанын тарбиясын алуулары үчүн. А өзүм турмуштан кыйналдым. Жалгыздык жанымды эзет. “Бул жарык дүйнөгө эмнеге келдим? Бакыт деген эмне?” деген түрдүү суроолорду өзүмө көп узатчу болдум. Мырзалар менен сүйлөшө келсем, баары окшоштой. Жөн гана кайгымды, сырымды бөлүшүп турчу адамды кезиктире албадым. Баары пайданы, өз кызыкчылыктарын көздөгөндөй. Өзүм таза, тыкан, ар бир сөзгө маани берген жанмын. Бул кебетем менен менин жүрөгүмдүн ачкычын эч ким таба алчудай эмес. Жарыкчылыктан жалгыз өтүп кетемби?..


Алия  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер