Айданбек Акматов: “Кумтөрдүн акчасын обменкада алмаштырып жибергенге ким уруксат берди?”

-- Кумтөр компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан четтетилди. Башкасы шайланды. Жетекчилердин алмашуусунун Кумтөрдүн ишине кандай оош-кыйышы бар?
-- Теңгиз Бөлтүрүктүн кызматтан кетиши өтө деле маанилүү нерсе эмес. Маселе башка жакта. “Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан кетти” деп чуу салышып, элдин көңүлүн башка нерсеге бурууга аракеттенишүүдө. Маселе “19 тонна алтындын 1 миллиард 100 миң долларга сатылып, анын ичинен 735 миллион доллары Улуттук банк аркылуу интервенция жасалды” деп акча алмаштыруучу жайларда алмаштырылып кеткени болуп жатат. Бул 62 миллиард сом. Кумтөрдүн бул акчасын обменкада алмаштырып жибергенге ким уруксат берди? Бул акча негизи бюджетке чегерилип, парламент аркылуу бекитилип, андан кийин мамлекеттин керегине, калктын муктаждыгына жумшалышы керек эле. Булар өзүмбилемдик кылышып, 735 миллион долларды, же 62 миллиард сомду ушинтип “интервенцияга салып жибердик” деп жатышат. Бул абдан көп суммадагы акча. Көп маселе ушул жакта жатат. Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарууда менин оюмча негизги ролду ойногон. Эми аны азыр чарбачылык иштери боюнча айыптап жатышат. Мүмкүн ал деле “сугунуп” жибергендир... Бирок анын “сугунганы” берки күмөн жараткан жагдайлардын жанында шоона эшпей калат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити