Акыркы кабарлар
» Коом » Жапырт ууланууга балык себеп экени аныкталды
Жапырт ууланууга балык себеп экени аныкталды
02-ноябрь, 17:12
468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌"Империя пиццы" кафесиндеги тамактан ууланууга лосось балыгындагы "сальмонелла" вирусу себеп экени белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиология борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махаммад Мурзашев "Азаттыкка" билдирди.
"Уулануу катталгандан кийин биз "Империя пиццы" кафесинин бардык тамактануучу түйүндөрүнүн ишин токтотуп, андагы азык-түлүктөрдүн үлгүлөрүн лабораториялык иликтөөгө алганбыз. Натыйжада лосось балыгынан ичеги ооруларын козгоочу "сальмонелла" вирусу аныкталды".
"Империя пиццы" кафесинен тамак алып жегенден кийин өздөрүн жаман сезген адамдар 22-23-24-октябрдан тартып Бишкектеги бейтапканаларга кайрыла башташкан. Жалпысынан ооруканаларга 318 адам кайрылган. Алардын 40тан ашыгы балдар. Бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафенин бардык түйүндөрүн убактылуу жапкан. Азык-түлүк лабораториялык изилдөөгө алынган.