Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылдарды жөө кыдырган акимди машинадан да көрбөй калдык

Айылдарды жөө кыдырган акимди машинадан да көрбөй калдык

10-сентябрь, 12:00
286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокат районунун райондук администрация башчысы, аким Данир Иманалиевге!

Президентибиз Садыр Нургожоевич сизди Ноокатка кызматка жөнөтүп жатып, элдин үзүлгөнүн улайт, бузулганын оңдойт деген зор ишеним менен жиберген эле. Ырас, келген күндөрү райондун айылдарын жөө кыдырып, кыйла адамдардын ишеничине ээ болгонсуз. Андан бери айылдыктар сизди жөө эмес машинада жүргөнүңүздү да көрбөй калышты. Жамгыр жаады, сел жүрдү. Көптөгөн жерлер жар болду, аң болду, көпүрөлөрдү сел алды, каттоо (транспорттор) токтоду. Сиздин карааныңыз дале көрүнбөдү. Табигаттын кырсыгы болгон жерлерде  ӨКМдин өкүлдөрү жүрүшү керек эле. Алардан жан күйдүргөн бирөө болсо болгондур, бирок карапайым адамдар менен байланышпады. Натыйжада Н.Исанов атындагы айылдын Кошчан сайындагы үч көпүрөнү оңдоп-түзөө жумушу ойго алына элек.

Кыскасы, акимдин бузулганды оңдогонун, үзүлгөндү улаганын качан көрөр экенбиз деп редакцияга ачык кат жолдогон


Бедел Молдобаев, ардагер журналист 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер