Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Күч органдары бизнесмендерди гана баса калышып, “сааганга” өтүп алышты”

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Күч органдары бизнесмендерди гана баса калышып, “сааганга” өтүп алышты”

17-ноябрь, 18:20
925 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алмамбет Насырканович, Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу эмне айта аласыз?

-- Саймаити Кыргызстандын казынасына 5 миллиард сом салык төлөбөй качып жүргөн. Ал – кылмышкер. Эми ошону өлтүргөндөр Кыргызстандын жарандары болуп чыгып атышат. Биздин дипломатиялык, кол тийбес (!) деген номурубуз анын машинасынан чыкты. Бул эми... Батукаев Москвада дипломатиялык номур менен жүрсө кандай болот эле? Ошого эле барабар болуп атпайбы. Ал эми өкмөт  оозуна талкан салып алгансып, эки күндөн бери унчукпайт. Бул төбө чачты тик тургузган чоң ЧП да! Ошондуктан, “премьер-министр оозуна талкан салгансыбай, келип түшүндүрсүн” деп айттык. Акыркы кездерде бизнесмендерге кол салуулар көбөйдү. “Мадина” базарынан өлтүрүштү, аэропорттон өлтүрүштү... Кечээ болсо  стратегиялык “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул кылмышкерлердин мамлекетке болгон чакырыгы да. “Жекеме-жеке чык” дегендей да. Мамлекеттеги күч органдары болсо бизнесмендерди гана баса калышып, “сааганга” өтүп алышты. Алар бизнесмендерди эмес, кылмышкерлерди баса калып жазасын берип турушу керек болчу. 


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер