Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аккулу Бердиев: “Чоң-Алайдан 17 фура алтын концентратын Кытайга чыгарып кетишти”

Аккулу Бердиев: “Чоң-Алайдан 17 фура алтын концентратын Кытайга чыгарып кетишти”

22-сентябрь, 18:56
1 447 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Эркечтам" бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

“Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп "Эркечтам" менен "Достук" бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай, "Кайди" компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам, “мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. "Эркечтамдан" эмес, "Достуктан" өткөрүп, поездге жүктөп кетиптир” дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот” деди Бердиев.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты. Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер