Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Улан Ниязбековду каралоонун артында кандай сыр бар?

Министр Улан Ниязбековду каралоонун артында кандай сыр бар?

19-август, 11:39
2 858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Батыштын миллиондору аркылуу каржыланган айрым сайттар ички иштер министри Улан Ниязбековду каралай баштаганына күбө болуудабыз. Эмне үчүн? Эмесе, айрым себептерине токтоло кетели. 

Соңку убакта Улан Ниязбеков ИИМ системасына чоң өзгөрүүлөрдү жасап атат. Коомдук-коопсуздук абалды кынтыксыз көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап ыкманы киргизип атканы, санариптештирүүгө багыт алганы, өздүк курамдын иштөөсүнө шарт түзгөнү, ИИМ имаратын капиталдык ремонттон өткөргөнү, айтор, жаңычыл кадамдарын санай берсек арбын. 

Кызыгы, “иликтөөчү” аталгандар күйүүчү майлардын контрабандасына окшошпосо да министрди чырмаганга жандалбасташып, тааныбаган адамды таанышы (!) дегенге чейин божомолдошуп, беттырмарлык кылып атышканы кандай? Көрсө, Батыштан каржыланган журналисттер, бейөкмөт уюмдар парламенттик шайлоого чейин Улан Ниязбековду бутага алышып, коомчулукка жаман көрсөтүүнүн амалына өтүшкөндөй. Сырткы күчтөргө эмне керек? Кыргызстанда башаламандык, хаос жаралса, мамлекетибиз артка кетсе, мына ушундай көрүнүштөн алар кумар алышып, максаттарына жетишкен болот. Аныгында, бейпилдикти бузуу үчүн биринчиден ЖМКларды колго алышканы ушулбу? Иш жүзүндө туруктуулук үчүн күрөшкөн, тартипти көзөмөлдөгөн Улан Ниязбековду каралоого алышса эле элибиз ишенип калабы? Батыштын долбоору менен иштегендер иралды милицияны коомчулукка жаман көрсөтүп, андан соң карапайым катмарды дүрбөлөңгө азгыруу менен иштешет эмеспи. Дал ушундай ыплас аракеттерге каршы ИИМ катуу туруп, кылдаттык менен анализ жүргүзүп, бузукулардын жүздөрүн ачышы керек. Эң оболу, элибиз тынч жашаса, алдыга карай өнүгүүгө барабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер