Байсалов оюн кылбай, ириде таза шайлоо өткөрүү боюнча баш оорутпайбы?
Жакында Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөткө барарын жар салган. Бир чети жагынуу, экинчиден, өзүн убактылуу сактоо амалы болсо керек. Себеби, Байсалов да аламанга атсалышары тар чөйрөдө айтылып келет. Бул жагы мезгилдин өтүшү менен далилденет го...
Кызыгы, шайлоого чейин дагы үч жыл бар. Эртелеп айтуу логикага дал келбейт. Тескерисинче, ашыкча саясатташтыруу менен президентти алаксытып, адаштырууга түртө баштаган жокпу?
Эң оболу, биз тазалык туурасында кеп кылышыбыз шарт. Маселен, өткөн жылдын май айында Ленин округунан парламентке шайлоо өтүп, генерал Өмүрбек Суваналиевге каршы капчыктуу Дамира Ниязалиеваны коюшуп, ошого катар таластыктарды да шагырата талапкер кылышып, аягында баары жыдып калышты. Ишенген Ниязалиеваңар добуш сатып алууга айыпталып, колго түшкөн. Акчасы көп экен, “жең ичинен” баарын бүтүрүп, жазаланбай кетти. Кылмыш иши козголгон, добуш сатып алууга айыпталган талапкердин жоопкерчилиги каралбаса, кайдагы үлгү сабакты айтасыңар? Бул өнөкөт кайталана берет да.
Аталган округдан сентябрь айында кайрадан шайлоо жарыяланып, “мурдун тарта албаган” Карганбек Самаковдун баласы Кубанычбек оңой эле мандат алды. Атасынын акчасын чачып, бийликтин жөлөк-таяганы менен суурулуп чыкты го? Элдин көзү көрөгөч, баары байкалып калат эмеспи.
Ток этерине келсек, Эдил Байсалов президентти сүрөгөндү оюн кылбай, ириде канткенде таза шайлоо өткөрүү боюнча баш оорутпайбы? Кыргызстандагы чоң жаңжалдар, төңкөрүштөр шайлоолордон кийин тутанып, элдин кыжырдануусун, көчөгө чыгаруусун көрсөтпөдү беле? Биз ошол эски тырмоокту кайра баспайлы да...
"Азия Ньюс" гезити