Жалолидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Аялдарды 8-мартта эле эмес, ар бир күнү сыйлайлы...”
-- Жалолидин мырза, “8-мартты майрамдабаш керек” деген сунушуңузду негиздеп, аргументтеп бере аласызбы?
-- Биз энелерибизди, аялдарыбызды, кыздарыбызды бир күн – 8-мартта эле эмес, 365 күн сыйлашыбыз керек. Анан бир күн сыйлап коюп эле... Байкап атасыздар да, аялдарга карата зордук-зомбулук күчөдү, ошонун баарын токтотуу керек. Менин сунушум ошондой ой менен айтылган болчу.
-- “8-март майрамын жокко чыгарыш керек” деген ойдо айткан эмес турбайсызбы анда?
-- Жок, “аялдарыбыз үчүн ар бир күндү майрам кылалы” дегем. Кадырлап, баркташыбыз керек аларды. Өзүмдө да неме бар... “Аялдарыбызды жылына 365 күн сыйлайлы” деп толук айтышым керек эле...
-- “Айтты үч күн майрамдайлы” деген сунушуңузчу?
-- Мен Курман айт тууралуу айттым. Курман айты үч күн го, ошол үч күндү майрамдашыбыз керек. Ал эми Орозо айты бир эле күн. Биздин өлкөбүздүн калкынын токсон пайызы мусулмандар болгондон кийин бул сунушту туура эле кабыл алышат да.
"Азия Ньюс" гезити