Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экөөбүз аппак кепинде оронуп, катар жаттык...

Экөөбүз аппак кепинде оронуп, катар жаттык...

23-август, 20:48
1 494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түшүмдө экөөбүз өлүп калыптырбыз. Ооба, өлүп жаттык. Ушундай жаман түш болду. Экөөбүздү аппак кепинге ороп, катар жаткызып коюшуптур. Чогулган элдин баары ыйлап жатышыптыр. Ачуу өкүрүк менен кошок жаңырып жатты. 

Өңү жылуу учураган көп адамдар жүрөт. Арасында экөөбүздүн сүйүүбүзгө карандай каршы болгон, бут тоскон сенин эжеңди да көрдүм. Менин туугандарым жана аялдар колтуктаган апам зар какшап ыйлап жаттыАпам өзүн жоготуп, кайра өзүнө келип, өксүп ыйлап жатты. Апамдын гана зарын, канкакшап мени жоктогонун туюп жаттым.

Экөөбүзгө бут тоскон душмандар, түрдүү сөз тараткандар жүз аарчысын беттерине жаап, ыйламыш болуп жатышты, кээ бири чындап эле шолоктоп алышыптыр. Эки жүздүүлүк! Мага, менин сүйүүмө кыянатчылык кылган душмандарымдын көз жаштары менин үстүмө тамып, кездемеден сызылып денеме тийгенде, денем дүркүрөп кетти. Эки жүздүүлөрдүн көз жашы да уу болот  турбайбы! 

Сени карап, атыңды атап чакырсам, үн катпайсың, унчукпайсың... Үндөбөгөнүңдөн мен коркуп кеттим, чын эле сен да өлүп калдыңбы? Мен да өлбөдүм беле?..  

“Неге мени менен сүйлөшпөй жатат?” деп сен жакка жандалбастап, сенин абалыңды биле албай кыйналып жаттым. Жоктоп турган адамдардын баарына карап сени сурадым, сүйлөдүм, кыйкырдым, бакырдым. Эч кимиси уккан жок.

Тирүү кезде тагдырыма баары кайдыгер болушту. Жан сырымды, көкүрөк кыйкырыгымды угушпады. Мени азапка салып, уу сөздөрү менен өлүмгө узатышты. “Эми мен жансыз жатканда, өлүп жатканда угушмак беле? Менин далбастаганымды, зарымды туюшмак беле?” деген ой келди. Жансыз жатып да сени ойлоп кыйналганымды сездиң. Экөөбүздүн жаныбыз, денебиз бир бүтүнгө айланып калгандай, сезимдериң менен менин абалымды, кыйналганымды, кайгырганымды дайым сезчүсүң. Азыр өлүп жатып да мен “сен” деп тыбырчылап, далбастап жатканымды сездиң. Тирүү кезибизде баарын туя билгениңдей сен туйдуң. Мени карадың, мага тынчсыздандың. Мунун баарын көздөрүңдөн билдим,  көздөрүңдөн окудум. “Эми мага баары бир, баары бүттү” деген кыязда жалооруп карадың да, көзүңдү кайра жумдуң. Неге? Көздөрүңдү неге жумдуң?

Балким сен душмандарыңды, алардын жүзүн көргүң келбегендир же баарын жүрөгүң менен туюп жаткандырсың. Жандүйнөң менен мага окшоп боздоп, ыйлап жаткандарсың...

Бир маалда ыйлап жаткан адамдар өздөрүнчө ызы-чуу болуп, эки жаат болуп кетти. Экөөбүздү “чогуу бир көрүстөнгө жаткызбайбыз, өзүбүздүн ата-бабабыз жаткан жерге коёбуз” деп сени алып жөнөштү. Менин досторум гана “жок дегенде өлгөндөн соң бир болсун” деп сөз кайтарып, азыраак талашымыш болушту. Досторумдан башка, жалгыз апаман башка жарык дүйнөдө күйүп-бышар кимим бар? Балким, атам, бир туугандарым болгондо, туугандар болгондо, сени алып калышмак. Бул көрүнүш тирүү кездеги айрылуудан да оор тийди. Тирүү кезде бир болбошубузду билсем да, өлгөндөн кийин сен меники болоруңа негедир ишенчүмүн. 

Мен өскөн айылга, ата-бабалар бейитине чогуу жатып, ошолордун арбагы менен бир болуп, тиги дүйнөдө сага ак жоолук салышып, ошолордун кашында биз бактылуу өмүр сүрмөкпүз. Алар биздин махабатты, бир бүтүнгө айланган сүйүшкөн жандар экенибизди түшүнүшмөк. 

Кепинде жатсаң да сени менден бөлүп, ажыратып, алыстатып бара жатышты. Кыйкырып, сага жетпей, өлгөндөн кийин болсо да сени менен бир болууну, бир көрүстөндө жатып, бир күндө көмүлүүнү Кудайдан суранып жаттым. “Ээ Кудай! Неге биз өлсөк да биздин бир болуубузга жол бербедиң? Мен өлсөм да, неге менин үнүм сага жетпейт? Эгер бул дүйнө жалган болсо, анда сен жашаган чын дүйнөдө да адилеттик, чыныгы сүйүү жок турбайбы?”

Бүткүл дене боюм, жандүйнөм зар какшап жатты. Көз жашым бетимен сызылып оозума келди, туздуу жаш. Туз даамданган көз жаш. Сүйүүм да, жашаган өмүрүм да туздай шордуу окшойт. 

Жапжалгыз калдым. Жансыз денем, өлүгүм да сенден ажырап жалгыз калды. Бозүйгө кирип-чыккандарды, менин көрүм казылып жатканын, мени жоктоп эмес, бир устукан үчүн келген адамдарды, той сымал казан-казан эт бышып, боорсоктор бышырылып жатканынын баарын туюп жаттым. Адамдар жарымы калп, жарымы чын ыйлап, мени көргө алып барып көмүп салышарын, анан көөдөй караңгы көрдө жапжалгыз, жансыз кала береримди, сен да мага окшоп жалгыз көрдө каларыңды эстеп, ачуу жаш сызылып агып жатты.

Ойгонуп кеттим. Түшүм экен. Чындап эле боздоп ыйлагандай жаздыгым сууланышып, жүрөгүм бир башкача опкоолжуп, кыйналып ойгондум. Көпкө  ойлонуп отурдум, сени ойлодум... А сен мемиреп бирөөнүн койнунда уктап жаткандырсың, же мага окшоп түшүңөн чочуп ойгонуп, сен да мени ойлоп, азапка баткандырсың...

 Арадан жылдар өтүп кетсе деле сен деп жашап жүрөм. Аксак адамдай турмушта да, жумушта да кадамым жылбай койду. Жүрөгүм эч бир жанга чаппай койду. Неге түшүмдө экөөбүз өлүп калдык экенбиз?.. Балким, экөөбүздүн ортобуздагы бүлбүлдөгөн сүйүү өчкөндүр. Бул түш өчкөн сүйүүнүн аяныдыр? 

Негедир акыркы күндөрү сага жолукчу жолдорду өлүмдөн издечүмүн. Өлсөм деле, экөөбүз өлсөк деле, адамдар экөөбүздү эки жакка бөлөт турбайбы? Өлсөм  деле мен сени менен бирге болбойт турбаймынбы... Тагдыр жолун атоо болбойт экен да. Тирүүлөй чокко куйкалап, азапка салып, анда неге тагдыр экөөбүздү жолуктурду? 


Темирлан

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер