Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаровго карата Сегизбаев, Алай чектен чыкса, Исаев саясый негизде сындоодо

Жапаровго карата Сегизбаев, Алай чектен чыкса, Исаев саясый негизде сындоодо

31-декабрь, 01:58
2 647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку убакта Садыр Жапаровду оппоненттери жарга катуу такашууда. “Жарымы төгүн, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн” дегендей. Курч пикир айткандарына токтололу. 

Канатбек Исаев саясый негизде сынга алса, Абдил Сегизбаев менен Арстан Алай жекеликке өтүп кетишип, кемсинтүү, мазактоого чейин жетишүүдө. Атаандаштар канчалык каршылашууга барышса да, кеп маданиятын сакташы зарыл. Аламан да бүтөт, эл колдогон талапкер президенттикке шайланат. Эртеңки жашоо бар. Ошондо айтылган сөздөр үчүн жооп берүүгө убакыт келбейби?.. 

Биздин баамыбызда, Канатбек Исаев арканды алыс ыргытып, Садыр Жапаровдун карама-каршы сөздөрүн мисалга алып, кудаларын кызматка койгонун ж.б. саясый алкакта сын айтууда. Бул нормалдуу көрүнүш. Ал эми Абдил Сегизбаев менен Арстан Алай эрежеден сырт кетишип, чукуламайга, жалаа жабууга, беттен алууга өтүп алышты. Чагымчылык го? Экөөнө “ответка” болобу?..

А башка талапкерлерди алсак, Садыр Жапаровго карай Каныбек Иманалиев кур чечендикке салса, Адахан Мадымаровдун шайы ооп калыптыр, Бактыбек Калмаматов сүткө тойгон күчүктөй эле “борсулдап” коюуда...


Aryba.kg  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер