Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бөлтүрүк алтынга чөгөрүп койгонбу? Кумтөрдү текшерген эсеп палатасынан дайын жок!

Бөлтүрүк алтынга чөгөрүп койгонбу? Кумтөрдү текшерген эсеп палатасынан дайын жок!

04-август, 11:52
713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дагы канча күтөбүз? Эсеп палатасы жазында эле Кумтөрдү, Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердигин текшере баштаган. Ашып кетсе бир айда ак-карасын ажыратып коймок. Таңгаласың, расмий айтылган маалыматтан дайын жок. Эсеп палатасы эмнеге ишинин жыйынтыгын эмгиче чыгарбайт? Сырттан байкоо салгандар ар кандай аңызда шектенишүүдө. Бөлтүрүк “бөрүлүгүн” кылып, текшерүүчүлөрдү алтынга чөгөрүп, баштарын айлантып койдубу? А болбосо эмгиче кагаз жүзүндө жооп узатышат эле да. Эмне кылуу керек? Эсеп палатасы айлап-жылдап созо берсе, анда буларды текшере турган орган кыймылдабайбы? Сыягы, ит куйругун айлана куугандай эле кызык көрүнүштөр орун алууда. Бөлтүрүк эч камырабастан кымбат баалуу офисте чалкалап отурат. Артындагы күмөндүү суроолорго жооп бербейт. Мамлекетке канча киреше, алтын түшүп атканы белгисиз. Элдин энчиси эч убакта көшөгө артынан “бычылбашы” керек да. Ачык-айкындуулукка качан күбө болобуз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер