Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 80 жаш кутман курак мааракеңиз кут болсун, Нуркан ага!

80 жаш кутман курак мааракеңиз кут болсун, Нуркан ага!

22-февраль, 01:22
2 521 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын бардык аймагынан атагы алыска тараган таланттуулар чыкты. Өлкөнүн түндүгүбү, түштүгүбү, кайсы аймагын албайлы, баардык аймагынан бар. Ал аймактардын бири касиетүү Жумгал өрөөнү. Бу жерден да топ таланттар жаралды. Атап айтсак, Калык Акиев, Мыскал Өмүрканова, Бүбүсара Бейшеналиева, Мидин Алыбаев, Нуркан Турсунбаев, Татыбүбү Турсунбаева сындуу ж.б. залкарлар. Аты аталган бул инсандардын баары тең кыргыздын маданий тарыхында өчпөс болуп аты калды. 

Мынакей бүгүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, белгилүү актёр, обончу жана аткаруучу, классикага айланган жаркын обондордун автору, атактуу актриса, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Татыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев агабыз 80 жашка толуп отурат. 

Нуркан Турсунбаев ушул күндө 400гө чукул обондуу ырлардын автору, көптөгөн документалдуу жана көркөм тасмалардын, драмалык театрга спектаклдеринин музыкаларын жаратты. Бул Нуркан Турсунбаевдин чыныгы тубаса, нукура, кайталангыс обончулук дарамети деп билсек болот. 

Кыргыз эли илгертен сөз баккан, сөздүн касиетине терең маани берген эл эмеспи. “Кош Соң-Көл”, “Кең Жумгалым”, “Алтынчы күнү кечинде” текстине куюлушкан обондор. Нуркан Турсунбаев обонго ырдын сөзүн чебер тандаган жаратман. Ар бир чыгармасы нукура кыргыз жыттанган кайрыктарга бай, обон ырдын сөзүнүн маанисине төп келип, ошол обон ырдын сөзү менен кошо жуурулушуп төрөлгөндөй элес калтырат. Эң алгачкы «Гүлдөр симфониясы» аттуу балдар опереттасын жаратты, ырлардын сөзүнүн автору залкар акын Гүлсайра Момунова эжеге таандык. Нуркан Турсунбаев балдар темасына кайрылып, бир топ долбоорлорду ишке ашырып келет. 1997-жылы эң алгачкы «Өз элиңдин маданият, тарыхын бил, келечек муун!» аттуу автордук программа иштеп чыгып, ал программа Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жактырылып, 21 жылдан бери республика боюнча эң таанымал биринчи окуу-тарбиялык программага айланды. Атайын Нуркан Турсунбаев атындагы эл аралык кайрымдуулук фонд түзүп, ушул долбоордун алкагында кайрымдуулук иштерди жасап келет. Жаш таланттарды колдоо иретинде ар жыл сайын Нурканбек Турсунбаев атындагы эл аралык сыйлык акчалай байгеси менен ыйгарылып келүүдө. Бир туугандар Нуркан менен Таттыбүбүнү бири-бирисиз элестетүү мүмкүн эмес. Себеби, экөө тең бала кезинен эгиз козудай жанашып такшалган таланттар. Нуркан Турсунбаевдин ырларынын биринчи аткаруучусу да карындашы Таттыбүбү болгону, ырчы катары агасынын көптөгөн обондорун калкыбыздын калың катмарына таанытканы Нурканга ого бетер шык берди. Республикалык кароо сынактарда башбайгени багындырган. Агасы Нуркан Турсунбаевдин белгилүү акын Абдылда Белековдун сөзүнө жазылган «Ай баратат» аттуу чыгармасы карындашы Таттыбүбүнүн гимнине айланды. Ушул чыгарма белгилүү эстрада ырчысы Ырыскелди Осмонкуловдун аткаруусунда 2001-жылы Түркияда өткөн эстрада жанрындагы ырчылардын конкурсунда баш байге – “алтын медалга” татыктуу болгон. Ырыскелди Осмонкуловго бул ийгилик «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын ыйгаруу менен белгиленген. Ошондой эле “Алтынчы күнү кечинде” аттуу ыры залкар ырчы СССРдин эл артистти Болот Миңжылкиевдин аткаруусунда легендага айланды. 

Бүгүнкү күндө бул ырды укпаган жана билбеген кыргыз болбосо керек. Нуркан Турсунбаевдин учурда 200дөн ашуун обондуу ырлары жогоруда аттары аталган кыргыз операсынын корифейлеринин аткаруусунан тышкары, ушул күндүн опера, эстрада ырчыларынын репертуарларында биринен сала бири аткарылып, элдин назарында, кыргыз музыкасынын алтын казынасын байытып келет. 

Музыкант катары чоң жетишкендиги бул кыргыз цирк искусствосунда болду. Кыргыз цирк тарыхында Нуркан Турсунбаев негиздөөчүлөрүнүн бири катары таанылды. 1961-1962-жылдары карындашы Таттыбүбү Турсунбаева менен Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы көркөм театралдык институтунда окуп жүргөндө Орто Азиянын борбору Ташкент шаарында кыргыз циркин түзүү боюнча демилгелер көтөрүлүп, анын демилгечилеринин бири болгон. Ошентип, эң алгачкы кыргыз цирк программасын иштеп чыгып, машыктырат. Ал программа «Канаттагы комузчулар» деп аталып, кыргыз циркинин «Жаш Кыргызстан» жалпы программасынын өзөгүн түзгөн. Бул программада акробат жигиттер арканга бутунан тик илинип туруп, комузда кол ойнотуп, эч бир жаңылбастан «Маш ботой», «Көйрөң күү», «Чайкама» аттуу залкар күүлөрдү ойношот. Бул программа дүйнөлүк цирк тажрыйбасында эң татаал трюк программа катарына кирип, кыргыз циркинин визиттик картасына айланып, дүйнө элин 56 жылдан бери таңдандырып келүүдө. Драмалык актёр катары 100дөн ашуун спектаклдерде, кино актёру катары 20га жакын көркөм фильмдерде каармандардын образдарын эң мыкты деңгээлде аткарып келди. Спектаклдердеги эпизоддук каармандарды андагы башкы каармандардын деңгээлине тете аткарган өзгөчө чеберчилиги эл оозунда байма-бай айтылып келет. 

Айтор, Нуркан Турсунбаев чыгармачылыкта ар дайым биринчи болуп элге сиңди. Жашы 80ге келсе да, карылыкка моюн сунуп, төшөккө башты катып жатып албастан, чыгармачылыктын оргуштаган казанында кайнап, жаратмандыгын улантып, элин кубантып келүүдө. Бар болуңуз ага! 80 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Байбичеңиз ар дайым жаныңызда болуп, кылым жашаңыз! 


Эсенбек Мааданбеков, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер