Сабыр Муканбетов: “Кадыр Кошалиев итаяк жалачудай ары жок көрпенде!”


“Ушундай курултай кимге керек?
Жогорку Кеңешти эле санын 350-400 маяна албаган депутаттарга көбөйтүп, Курултай деп коюш керек эле. Анан ал депутаттар өзүлөрүнүн ичинен 35-40 депутатын, комитеттерде маяна алып, туруктуу иштей тургандай кылып шайлап коюш керек эле.
Андай болбоду. "Курултай мамлекеттик орган болбошу керек" дегендер жеңди.
Курултай деген жөн эле рекомендательный жыйын, президент каалаганда чакырса аким, айыл өкмөттөр жыйып келип бере турган, курсактарын тойгузуп, алкоо айттырып, керек болсо кууп да жиберсе боло турган бир байкуш "Курултай" болгону калды.
Анан ошо кимден отчет ала алмак эле?
Жарым өмүрүн ушу Курултай идеясына арнаган Кадыр Кошалиев кантип уялбай ушундай шартка көнүп, макул болуп басып жүрөт? Итаяк жалачудай болуп.
Эркек болсо эшикти “тарс” жаппайбы? Ары жок көрпенде!” деп серепчи Сабыр Муканбетов Фейсбуктагы баракчасына жазган.











