Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Чыныбай Турсунбеков бул жашоодогу нур дүйнөсүн таап кетти”

“Чыныбай Турсунбеков бул жашоодогу нур дүйнөсүн таап кетти”

16-ноябрь, 22:22
1 143 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый ишмер, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты, парламенттин спикери, филология илимдеринин кандидаты, акын Чыныбай Турсунбеков аман болсо быйыл 65 жашка чыкмак. Анын урматына маркумдун жакындары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арнап кыргыз филологиясы факультетинин 305-аудиториясын заманбап шарттар менен жасалгалап, Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борбор ачты.


Нуржан Давлетбекова, жубайы: 

-- Нуржан эже, өмүрлөшүңүз Чыныбай Турсунбековдун атындагы адабий борборду агайдын 65 жылдыгынын урматына ачтыңарбы?

-- Чыныбайдын көзү тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак. Анын 65 жылдыгына арнап, өзү билим алып, иштеп кеткен кыргыз филологиясы факультетине адабий борбор ачтык. Анткени, Чыныбай бул университеттен билим алып, аспирантураны окуп, 25 жашында биринчи китебин чыгарса, 29 жашында кыргыз адабияты боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Диссертациясын жактагандан кийин кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болуп иштеген эле. Ошонун баарын эске алып, өзү окуган окуу жайга адабий борбор ачтык.

Адабий борборду ачып жатканда Чыныбайдын түпкү очогуна кайтып келгендей сезимде болдум... Чыныбай акыркы интервьюларынын биринде “мен саясаттан кеткенде адабиятка кайтып келем” деп айтыптыр. Балдарым менен тилегин ишке ашырууну ойлоп, Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд түзүп, кыргыз тилинде жазган акындарга колдоо көрсөтүп, алардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жардам болсун деп беш жылдан бери Ысык-Көлдүн жээгинде поэзия фестивалын өткөрүүнү салтка айлантып, жолдошумдун атында адабий сыйлык уюштурдук. Ошондой эле беш жылдан бери мектептин окуучулары, студенттер арасында Чыныбайдын ырларын көркөм окуу жана эссе боюнча конкурс өткөрүүнү салтка айландырдык. Мунун баарын окуучулардын кыргыз адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу үчүн жасап жатабыз. 

-Чыныбай агай илимдин адамы болгонун да эске алдыңарбы?

-Ооба, быйыл Чыныбай илимдин адамы эле деп, кыргыз адабияты боюнча жакшы илимий эмгектерди жараткан жаш окумуштууларга, студенттерге колдоо көрсөтүүнү демилгелеп, кыргыз филологиясы факультетине адабий борбор ачтык. Буюрса, факультеттин эмгек жамааты менен бирдикте көп иштерди аткарабыз. Буюрса, биздин борбор кыргыз адабиятынын жаңы демин жаратып, элибиздин руханий байлыгын байытуу үчүн далай чоң иштерди жасайт деп ишенем.


Каныбек Иманалиев, жазуучулар союзунун төрагасы:

-- Улутубуздун алтын бешиги болгон Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы деген чакан факультет СССРдин деңгээлиндеги бир лидерди, Кыргызстандын деңгээлиндеги эки саясатчыны чыгарды. Биринчиси, Кеңеш Кулматов. Ал Россиядагы советтин мүчөсү болгон жалгыз кыргыз. Анын китеби Россиянын бүт жогорку окуу жайларында тышкы саясат боюнча адистигинде окутулат. 

Кыргыз филология факультетинен чыккан Кыргызстандын деңгээлиндеги эки лидердин бири Абдыганы Эркебаев, экинчиси Чыныбай Турсунбеков. Сөздүн конституциядагы маанисинде, түз маанисинде дагы Кыргызстандагы экинчи адам болгон. Акын, окумуштуу, бизнесмендигин эмес, анын мамлекетчилдигин айтайын. Ал аким? Губернатор болбой эле ишкерликтен түз эле спикерликке отуруп калды. Чыныбай Турсунбеков акын, мугалим, ишкер, депутат, фракциянын лидери эле. Ошол беш доордо тең адамгерчилигин өзгөрткөн жок. Алтургай бийлик да анын мүнөзүн эч өзгөртө алган эмес. Ички интеллекти, руханий тазалыгы, адамгерчилиги баарынан жогору турду. Саясаттын жолу өтө будуң-чаң, өөдүк-сөөдүк болсо, Чыныбай Турсунбеков ошол жолдо дагы мүдүрүлгөн жок. Саясаттагы кыйшың-мыйшың жолдо дагы түз басты. Саясаттын жолу булганыч баткак чачкан жол эмеспи. Чыныбай Турсунбеков ошол баткак, чаңдуу жолдо дагы өзүн таза алып жүрдү. 

Эң башкысы, Чыныбай Турсунбеков акындан дагы эл аралык деңгээлдеги ишкер чыгарын далилдеди. Өмүрүн бир сөзгө батырыш керек болсо, поэзия – бул ыр дүйнө, саясат – бул чыр дүйнө, бизнес – бул пул дүйнө. Чыныбай Турсунбеков ушунун баарын айкалыштырып, өзүнүн бул жашоодогу нур дүйнөсүн таап кетти.


Кожогелди Култегин, акын:

-- Быйыл Чыныбай Турсунбеков өзү окуган, иштеген окуу жайдын жүз жылдыгы белгиленип жатат. Анын көзү тирүү болгондо сөзсүз окуу жайга чоң жардамын тийгизмек. Көзү өтүп кетсе да кыргыз филология факультетинин эң чоң 305-дарсканасына Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борбор түзүлүп, университетке, факультетке да пайдасын тийгизип жатат. Жараткандын буйругу менен болгон иш. Чыныбай өзү акын эле, атасынын аты Акун эле, мартабасын көтөргөн бизнеси Акун болгон. Көрдүңүздөрбү, бул Кудайымдын буйругу. Так ошондой адабий борбор дагы Жараткандын амири менен жасалган иш. Буюрса, борбордун келечеги кең болот.


Назаркул Ишекеев, профессор:

-- Чыныбай Турсунбековдун тагдыры, басып өткөн өмүр жолу биздин жаштар үчүн дагы маанилүү. 305-аудиторияда ачылган Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий борборду билим берүү менен таалим-тарбияны өркүндөтүүгө жардам бере турган университеттин чоң бөлмөсү деп айтсак болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер