Таштанды ыргыткандарга айыппулду көбөйтүү сунушталууда
Кыргызстанда ар кайсы жерге таштанды ыргыткандар үчүн мыйзамга толуктоолорду киргизүү демилгесин “Эко Деми” коомдук фондунун өкүлү Айжан Чыныбаева көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, таштандыны каалаган жерге таштаган жарандарга айыппулдун эң азы 1500сом болушу керек. Бул ишти коопсуздук кызматы көзөмөлгө алып туруусу шарт. “Азыр телефон менен видеого тартып алып, тиешелүү кызматка жөнөтсө болот. Мыйзамды бузуп, таштанды таштаган адамга акт түзүлүп, айыппул төлөшү керек” дейт Айжан Чыныбаева.
“Албетте, биз түшүнөбүз, буга каршы чыккандардын саны арбын болот. Бирок, башка өлкөлөрдө киргизген норма бизде да болушу керек. Айыппулду жогорулатуу менен ар кайсы жерге таштанды ыргыткандардын санын кыскарта алабыз. Алар да таштанды ыргытаардан мурда айыппул төлөп калам деп ойлонушу керек. Акчасы жокпу, анда коомдук ишке тартылып, коомдук жайларды тазалатуу шарт” деди ал.
“Биздин бул мыйзам долбоорубуз жарандык демилге катары депутаттар колдойт деп үмүт кылабыз. Антпесе, биз мамлекетибиздин келечегин жоготуп алабыз. Коомдук жайларды булгагандар, жазасыз калбаш керек. Кырдаалды оңдошубуз керек” деди Айжан Чыныбаева.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы коомдук жайларды булгаган жарандарга айыппул 5000 сом каралган эле.