Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Кыскартылган өкмөт башаламандык жаратууда”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Кыскартылган өкмөт башаламандык жаратууда”

12-февраль, 21:13
1 687 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, азыркы өкмөттүн структурасы сиздин оюңузча туура эле болдубу?

-- Бүгүнкү күндө биздин кыргыз мамлекетибиз саясый, экономикалык кризистин татаал учуруна туш келип отурат. Ошондой катуу сыноону, кыйын жолдорду тандатты. Жаңы келген өкмөттү канчалык биз “туура” же “туура эмес” деп анализ жасай турган болсок, сын пикирлер көбүрөөк айтылып атканын байкайбыз. Себеп, ушу кыскартылып түзүлгөн өкмөт алдын ала илимий изилдөөлөрдү, иликтөөлөрдү кылып, эксперттик туура багыттагы ой-пикирлердин негизинде, өкмөттү оптимизация кылыш үчүн жаңы жагдайлардын негизинде түзүлсө иш башка эле. Тилекке каршы, тезинен, шашылыш, эптеп эле кыскартылды аты калыш үчүн жасалгандай таасир калтырып атат. Баардык жерде башаламан. Өкмөт азыркыга чейин структурасын түзүп бүтө элек. Министрлик, ведомство, агенттик ортолорунда талаш-тартыш жүрүп жатат. Эл үчүн, өзгөчө пенсионерлер жана жаштар үчүн болгон маданият, спорт, экология менен энергетика коопсуздугу өлкөдөгү жагдайлардын эске алынбагандыгынан күмөн жараткан министрликтерди жаратып койду. Албетте, көп жагынан катачылыктар кеткендигин чагылдырып турат. “Бүгүнкү келген өкмөт – бул убактылуу келген техникалык өкмөт” десем жаңылышпайм. Буга чейинки өкмөттү да “техникалык өкмөт” деп айтып келгем. Алар коомго жакшы жаңылык апкелген жок, ич жылытарлык эч нерсе жасашпады. “Келип-кетти” деген аты эле калды. Булар да алардан ашып кетпейт сыңары... Себеп дегенде, референдум өтүп, Конституция алмашкандан кийин бул өкмөттүн да тагдыры алмашуу системасына тушугат. Ошондон улам, булар деле каатчылыктан чыгуу же жүрөк жылытарлык реформа жасарына көзүм жетпей турат. Ачык айтыш керек, жаңы түзүлгөн өкмөт коррупцияга каршы күрөшүүдө, экономикалык каатчылыктан мамлекетти чыгарууда, бүгүнкү болуп аткан окуяларды туруктуулукка алып келиш үчүн жол картасын, концепциясын ачык чыгарып, эч жерде айта алган жок. Баягы эле эски схема жана коррупция алардын тагдырын күтүп турат. 

-- Күч структурасында министрликтердин ирилеши менен бюрократия көбөйүп кетпейби?      

-- Акыркы убактарда биздин мамлекетибизде күч структураларынын бири-бирине кошуп кыскартылышы жаңы жагдайларды жаратууда. Ич ара тымызын пикир келишпестик, кандайдыр бир деңгээлде атаандаштыкты, карама-каршылыкты күчөтүп койду. Ошону менен бирге жаңы бюрократиялык процесстерди жарата баштады. Экинчиден, күч структураларында бюрократиялык системалар буга чейин да болуп келген. Мыйзамдарга кошулган жаңы статьяларды, нормативдүү актыларды ичинен билип, үйрөнүү жана туура чечим кабыл алууда бюрократиялык жагдайларды түзүп коёт. Үчүнчүдөн, жогорку деңгээлдеги саясатчылар кээде күч структураларына мыйзамдуулукту четке кагып, буюртма, тапшырма берип, саясый процесстин кызыкчылыгы үчүн күч структуралары саясый абалдан чыгыш үчүнбү, же аларды ынандырыш үчүнбү, бюрократиялык системага ылайыкталган бири-бирине иш-кагаз тапшырмаларды берип, көбөйтүп ийишет. Ошон үчүн биздин күч структуралары кандай заман болбосун, кандай саясатчылар бийликке келбесин, эң негизгиси Конституцияны, мыйзамдуулукту, кодексти туу тутуп иштесе, эч убакта жаңылбайт дагы, бюрократиялык процесстер азаят. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер