Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Катализатор – элдин ден соолугуна кам көрүп, ышка каршы күрөшүүнүн бир жолу”

Марлен Маматалиев: “Катализатор – элдин ден соолугуна кам көрүп, ышка каршы күрөшүүнүн бир жолу”

30-декабрь, 09:00
1 246 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, сиздин катализатор боюнча мыйзам долбооруңуз бир топ талаш туудурду. Себеби эмнеде?

-- Биз жаңыбы, эски болобу, машиналардын баарын токтотуп алып, “катализаторуң барбы же жокпу?” деп текшербейбиз. Бул – катализаторлорду сатып ала турган чоң-чоң бай адамдарды текшерип, айып пул салууга багытталган мыйзам долбоору. Туура түшүнүү керек, катализатор жөн эле ойлоп табылган нерсе эмес, илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыгып, уулуу ышты кармап калууга багытталган фильтр. Өнүккөн мамлекеттердин баарында мындай чыпкасыз бир да машина чыгарылбайт. Эски кинолордон көрсөңүздөр керек, кишини машина жүрүп турган гаражга камап койсо өлүп калат го? Азыркы машиналарда андай болбойт, себеби, түтүн менен чыккан ууну катализатор кармап калат.

-- Катализатору жок эски машиналар эмне болот анда?

-- Алар деле жүрө берет. Эч ким эчтеке дебейт. Болгону “сатпа”, ал эми алуучуларды “сатып алба” деп жатабыз. Бул – адамдын ден соолугуна кам көрүп, ышка каршы күрөшүүнүн бир жолу. Кээ бирөөлөр менден “жайында катализатору жок эле жүрөбүз го, эмне үчүн анда ыш болбойт?” деп сурашат. Себеби, биринчиден, бак-дарактар көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип, абаны тазалап турат. Экинчиден, ысыкта уулуу газдар асманга учуп кетет. Ал эми суукта болсо өйдө көтөрүлө албай, жерди каптайт. Үчүнчүдөн, кышында элдин баары от жагат. Ошондуктан, бул демилгени туура кабыл алыш керек.

-- Азыр мыйзам долбоору кайсы стадияда?

-- Коомдук талкууда. Талкуу бүткөн соң Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер