Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вице-премьер Разаков “Азия Ньюс” гезитине 1 миллион сом айып пул салдырды

Вице-премьер Разаков “Азия Ньюс” гезитине 1 миллион сом айып пул салдырды

21-ноябрь, 14:26
749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрди сындап жазсаң миллион, вице-премьерди сындап жазсаң да миллион сом айып пул салат экен соттор. Алар адилеттик, калыстык кылып териштиргендин ордуна: “Вице-премьер эмне дейт? Министр эмне дейт?” деп эле чоңдордун көзүн карап отурушат тура. Ал эми журналисттердин чындык, адилеттик үчүн чырылдап жазып жаткандарын чымын чаккандай да көрбөй, уккусу да, окугусу да келишпейт. “Соттордун көз карандысыздыгы” деген жөн эле сөз. 

Биз “Жаңы Ордо” гезитине жана Super.kg ж.б. булактарга чыккан материалдарга таянып, “Жеңиш Разаков Тажикстандын агентиби?” деген макаланы 2019-жылдын 21-мартында жарыялаганбыз. (Бул боюнча шектенүүлөрдү Жогорку Кеңештен бир топ депутаттар да айтышкан.) Анда: “Эсиңерде болсо, “Бирдиктүү Тажикстан” оппозициялык кыймылынын лидери Шабноми Собири вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду тажик тараптын Кыргызстандагы агенти экенин айтып чыккан. Бирок, бул кабарга биздин бийлик маани берген эмес. Төмөндө Разаковдун 2010-жылы Тажикстанга барып, алардын УКМКсына колго түшкөнүн, үч күн ал жакта камакта жатканын Баткен ОИИБ жетекчиси Б.Алымбековго жазган түшүнүк катында мойнуна алып жатабы? Суроо: “Ал үч күн ичинде көп маалыматты саткан жок?” деп ким кепилдик берет? Балким ошондон тартып алардын агенти болуп чыга келгендир?.. Баса, ал жакка 20 кг героин алып барып колго түшкөнү чынбы? Кыскасы, мындай чыккынчы, саткын контрабандистке бийлик тез арада чара көрөбү? Ага төмөндө анын жазган түшүнүк каты кашкайган далил эмей эмне? Буга чейинки Жеңиш Разаковду “Тажикстандын шпиону” деген жарлык не болот? Береги кол жазманы окуп, баа берсеңер болот...” деп жазылган. Бул материалды Ж.Разаков Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна берген. Ал доо арызында “2019-жылдын 21-мартындагы “Азия Ньюс” гезитинин 6-бетинде жоопкер тарабынан таратылган жарыялоонун бөлүгүндө, тактап айтканда, “кыскасы, мындай чыккынчы, саткын контрабандистке бийлик тез арада чара көрөбү?” деген бөлүктөгү маалыматтарды “чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкердик беделиме доо келтирген деп таанууну” соттон өтүнгөн. Анда ушул сүйлөмдөр гана жалган болуп, калганын “чын” деп мойнуна алып жатабы? Айып катары каралып жаткан сүйлөмдөр факт катары каралбайт, себеби биз ал жерде Ж.Разаковдун жасаган ишине баа берип жатабыз, ал эми баа берген сөздөр “чын, жалган” деп ажыратылбайт. Судья Чыңгыз Адамкулов ушул суроо катары берилип жаткан баалоочу сөздөр үчүн доогердин өтүнүчүн орундатып, биздин гезитке 1 миллион айып пул салды. Эмне үчүн мындай чоң суммадагы айып пул салып жатканын негиздеген да жок. “Гезиттин каржылык мүмкүнчүлүгү канча?” деп кызыгып да койбоду. Бул материал чыккандан кийин Ж.Разаковдун кускусу келип, башы айланып, көзү караңгылаганын тастыктаган медсправкасы да жок, дене бою кандай жапа чеккени, адеп-ахлагы кандай жабыркаганы, кандай дарыларды ичип айыкканы, канча чыгаша болгону да белгисиз. Бирок судья Ч.Адамкулов ага карабай эле  “бармак басты, көз кысты” дегендей кылып чечим чыгарып койду. Минтип “кол жоолукка” айланып отурушса чатак го?..

Андан мурда ошол эле Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиева ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин биздин гезиттин үстүнөн доо арызын канааттандырып, “Кашаң Кашкар” деген сөз үчүн 1 миллион сом айып пул салган. Ошол эле Октябрь райондук сотунун судьясы А.Жээнбекова ИИМдин 7-башкармалыгынын мурдагы башчысы Б.Матмусаевдин доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, 15 миң сом айып пул салды. Чындыгында Б.Матмусаевге суроо эле берилген болчу. 

Аныгында, бул жерде чоң аналитик болуштун деле кереги жок, анткени күч структураларын өкмөттө жетектеп, көзөмөлдөп жаткан Жеңиш Разаков кол алдындагыларды уюштуруп, “Азия Ньюс” гезитине каршы “чоң казатка” аттанып чыкканы ачык эле көрүнүп калды. “Иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар” дейт, анын сыңарындай, биз адилетсиздик менен күрөшкө ар качан даярбыз. Чындык биз тарапта. 


“Азия Ньюс” гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер