Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров душманга колтук ачабы?..

Акылбек Жапаров душманга колтук ачабы?..

05-февраль, 09:00
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров каржылык булактарды, кадр саясатын чечүүдөгү эң жөндөмдүү фигурага айланды. Сыртынан бир калыпта иштеп аткандай сезилет, а чындыгында арканды алыс ыргытып, далайга жетчүдөй амбициясы бар. Эски байланыштарын, саясатчыларды, таасирдүү уруу башчыларын, кландар менен мамиле кылганы жалганбы? Министрлер кабинетин башкарганы кыйла кадрларды алдыга жылдырып, жогорку жана орто катмардагы кызматкерлерди колго алууда. 

“Жаман айтпай жакшы жок” дейт кыргыз элинде. Кокус кырдаал өзгөрсө, олку-солкулук жаралса, “эки тизгин бир чылбырды” кармап калууга жан үрөйбү? Душманга колтук ачабы? Сырткы, ички күчтөр бийликти жыгууга кызыкдар экени айтылып келатат го? Эки достун биримдиги, ыкчам чечимдерди убагында кабыл алышканы көп нерсени алдын ала талкалап коюп жаткандай...

Өмүрбек Текебаев туура белгилегендей, Акылбек Жапаров өтө тез ойлонот. Алдыга карай беш-он жылдын планын түзүп коёру шексиз. Өмүр баянын деле карап көргүлө, ар бир бийликке жармашып, аттан түшкөн жок, “майлуу” гана креслолорду минип келди. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери баардык президенттер менен иштешип, элитанын акылманына айланып калгандай. Бийлик төбөлдөрү үчүн мындай куу, тажрыйбалуу персонанын коюн-колтукка кирип кеткени өтө кооптуу эмеспи? Алар деле терең мааниде ишенишпейби? Кызык эле...

Негизи Акылбек Жапаровдун иштөө ресурстары аяктап деле калды. Коомчулук кандай баа берип келатканы жашыруун эмес. Сандар менен ойногонун, көбөнчө калп айтканын танабызбы? Карапайым калкыбызда жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылык, айтор, экономикалык-социалдык көйгөйлөр барган сайын тамыры тереңдөөдө. “Кайыш тилмей” жашообу? Кыскасы, өкмөт башчы келечекке үмүт берип, өз милдетин жетиштүү деңгээлде аткара алган жок. Учурдагы кыйналып жашаган карапайым калктын жашоосу ага далил. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер